“Таш-Рабат” кербен сарайынын курулушу боюнча маалымат берилди

“Таш-Рабат” кербен сарайынын курулушу боюнча маалымат берилди

Акыркы күндөрү социалдык тармактарда "Таш-Рабат" кербен сарайында жүрүп жаткан иштер боюнча ар кандай талкуулар жүрүп жаткан. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги бул маалыматтарга расмий комментарий берди.

Министрликтин маалыматына караганда, "Таш-Рабат" архитектуралык эстелиги табигый жана антропогендик таасирлерден улам бузулуу коркунучунда тургандыктан, 2025-жылы реставрациялоо боюнча тендер өткөрүлүп, анын жеңүүчүсү “Юг-Стройсервис” ААКсы болуп аныкталган. Иш-чаралар “Көөнө тарых сырлары” мамлекеттик программасынын алкагында аткарылууда.

Реставрация “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана эл аралык илимий талаптарга ылайык жүргүзүлүүдө.

“Кыргызреставрация” илимий-изилдөө институту тарабынан атайын илимий долбоор даярдалып, жергиликтүү жана чет өлкөлүк адистердин катышуусунда бир нече илимий кеңешмелер жана жеринен изилдөөлөр өткөрүлгөн.
Тосмо жана чатыр - реставрацияны коргоо үчүн орнотулган убактылуу чаралар деп баса белгилейбиз. Анткени, реставрация иштеринин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн:
- эстеликти мал-жандыктардан коргоо максатында айлана тосмолор менен курчалды;жаан-чачындын тийгизген зыянын азайтуу жана адистерге ыңгайлуу шарт түзүү үчүн убактылуу чатыр орнотулду.
- Бул конструкциялар - убактылуу, реставрация аяктаганда алып салынат.
- Иштер толугу менен илимий негизде жүргүзүлүүдө

Ар бир кадам адистердин корутундуларына, лабораториялык изилдөөлөргө жана тарыхый материалдарга таянат. Иштердин максаты - Таш-Рабаттын түпкү тарыхый келбетин сактап калуу, аны өзгөртүү же талкалоо эмес.

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ош шаарынын күнүнө жана залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына карата өткөн төкмө акындардын республикалык айтышы жыйынтыкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 15тен ашык акын катышкан сынактын байге фонду 1 млн сомду түздү. Жеңүүчүлөр: • Баш байге (200 миң сом) - Нурсултан Абдикаримов • 1-орун (170 миң сом)

Ишкер Media
Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

5-октябрь - Ош шаарынын күнүнө карата шаарга Азербайжандын Гянджа, Кытайдын Шицзячжуан, Түркиянын Маниса, Өзбекстандын Андижан жана Наманган, ошондой эле Россиянын Ярославль, Ростов-на-Дону жана Иркутск шаарларынан делегациялар келди. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалымдалгандай, Мэр Жанарбек Акаев конокторду расмий кабыл алып, майрамга катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, шаарлар аралык достук

Ишкер Media
Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга 19 вагондон турган "Golden Eagle" эл аралык туристтик поезди №931/932 каттамы менен Бишкек-2 бекетине 73 туристти алып келди. Конокторду "Кыргыз темир жолу" ишканасы салтанаттуу тосуп алды. Бул тууралуу ататлган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, бекетте улуттук кол өнөрчүлөр жарманкеси уюштурулуп, комузчулар тобу чыгармаларды аткарды.

Ишкер Media
Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

3-октябрда Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанатта "Жылдын мыкты мугалими - 2026" шаардык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Билдирүүгөө караганда, сынактын жыйынтыгында 1, 2, 3-орун алган 52 мугалимге 60, 80 жана 100 миң сомдук сертификаттар берилди. Алдыңкы үч педагог өзгөчө сыйлыктарга ээ

Ишкер Media