Токтогул суу сактагычынан синтетикалык торлор чыгарылды

Токтогул суу сактагычынан синтетикалык торлор чыгарылды

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын биоресурстарды контролдоо бөлүмү тарабынан Токтогул суу сактагычы аймагында мыйзамсыз балык уулоочу каражаттарды тазалоо боюнча масштабдуу рейд өткөрүлдү. Рейддин жүрүшүндө суудан жалпысынан 800 метр синтетикалык тор чыгарылды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай синтетикалык торлор суу экосистемасына орду толгус зыян келтирет: балык запастарынын азайышына алып келет, сууда сүзүүчү канаттуулар үчүн өлүмгө айланган тузакка айланат жана жаратылыштагы биологиялык тең салмактуулукту бузат.

Мындан тышкары, Алатай жаратылыш аймагы аймагында мыйзамсыз балык уулоо менен алектенген жаран аныкталып, тиешелүү протокол түзүлдү.
Ошондой эле Кара-Суу көлү аймагынан кошумча 1000 метр тор суудан чыгарылды. Ушул эле аймакта мыйзамсыз аңчылык кылып жүргөн жаран кармалып, ага 12 500 сом өлчөмүндө айып салынды.
Рейддик иш-чаралар учурда да уланууда. Иштин жүрүшүндө инспекторлор алдын алуу иштерине өзгөчө көңүл бурушуп, балыкчылар жана эс алуучулар менен жаратылышты булгабоо, балык уулоо эрежелерин так сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана өлкөнүн суу ресурстарын коргоо багытында мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүүнүн алкагында, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы мындай рейддерди республиканын ири суу объекттеринде туруктуу негизде өткөрүп келет.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ош шаарынын күнүнө жана залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына карата өткөн төкмө акындардын республикалык айтышы жыйынтыкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 15тен ашык акын катышкан сынактын байге фонду 1 млн сомду түздү. Жеңүүчүлөр: • Баш байге (200 миң сом) - Нурсултан Абдикаримов • 1-орун (170 миң сом)

Ишкер Media
Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

5-октябрь - Ош шаарынын күнүнө карата шаарга Азербайжандын Гянджа, Кытайдын Шицзячжуан, Түркиянын Маниса, Өзбекстандын Андижан жана Наманган, ошондой эле Россиянын Ярославль, Ростов-на-Дону жана Иркутск шаарларынан делегациялар келди. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалымдалгандай, Мэр Жанарбек Акаев конокторду расмий кабыл алып, майрамга катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, шаарлар аралык достук

Ишкер Media
Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга 19 вагондон турган "Golden Eagle" эл аралык туристтик поезди №931/932 каттамы менен Бишкек-2 бекетине 73 туристти алып келди. Конокторду "Кыргыз темир жолу" ишканасы салтанаттуу тосуп алды. Бул тууралуу ататлган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, бекетте улуттук кол өнөрчүлөр жарманкеси уюштурулуп, комузчулар тобу чыгармаларды аткарды.

Ишкер Media
Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

3-октябрда Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанатта "Жылдын мыкты мугалими - 2026" шаардык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Билдирүүгөө караганда, сынактын жыйынтыгында 1, 2, 3-орун алган 52 мугалимге 60, 80 жана 100 миң сомдук сертификаттар берилди. Алдыңкы үч педагог өзгөчө сыйлыктарга ээ

Ишкер Media