Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги ресторан бузулду

Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги ресторан бузулду

6-майда Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин жетекчилиги алдында Ак-Буура дарыясынын корук аймагында жайгашкан “Байсан” ресторанын бузуу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу аталган мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, шаар мэри белгилегендей, аталган объект буга чейин толук бузулбай калган. Мындан тышкары, ээлери мэрия тарабынан сунушталган мыйзамдуу талаптарга жана сүйлөшүүлөргө макул болбой, өз алдынча мыйзамсыз курулуш иштерин жүргүзгөн.

Ушуга байланыштуу, мыйзам талаптарын сактоо, шаардагы тартипти калыбына келтирүү жана корук аймактарын мыйзамсыз курулуштардан тазалоо максатында “Байсан” ресторанын толугу менен бузуу чечими кабыл алынганы белгиленди.
Ошондой эле шаар бийлиги корук аймактарында мыйзамсыз курулуш жүргүзүүгө жол берилбей турганын эскертип, жарандарды мыйзам талаптарын так сактоого чакырды.

Белгилей кетсек, Ак-Буура дарыясынын жээгинде 10 гектардан ашуун аянтка сквер куруу каралып, учурда бул аймакта тиешелүү курулуш иштери активдүү жүрүп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ош шаарынын күнүнө жана залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына карата өткөн төкмө акындардын республикалык айтышы жыйынтыкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 15тен ашык акын катышкан сынактын байге фонду 1 млн сомду түздү. Жеңүүчүлөр: • Баш байге (200 миң сом) - Нурсултан Абдикаримов • 1-орун (170 миң сом)

Ишкер Media
Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

5-октябрь - Ош шаарынын күнүнө карата шаарга Азербайжандын Гянджа, Кытайдын Шицзячжуан, Түркиянын Маниса, Өзбекстандын Андижан жана Наманган, ошондой эле Россиянын Ярославль, Ростов-на-Дону жана Иркутск шаарларынан делегациялар келди. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалымдалгандай, Мэр Жанарбек Акаев конокторду расмий кабыл алып, майрамга катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, шаарлар аралык достук

Ишкер Media
Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга 19 вагондон турган "Golden Eagle" эл аралык туристтик поезди №931/932 каттамы менен Бишкек-2 бекетине 73 туристти алып келди. Конокторду "Кыргыз темир жолу" ишканасы салтанаттуу тосуп алды. Бул тууралуу ататлган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, бекетте улуттук кол өнөрчүлөр жарманкеси уюштурулуп, комузчулар тобу чыгармаларды аткарды.

Ишкер Media
Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

3-октябрда Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанатта "Жылдын мыкты мугалими - 2026" шаардык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Билдирүүгөө караганда, сынактын жыйынтыгында 1, 2, 3-орун алган 52 мугалимге 60, 80 жана 100 миң сомдук сертификаттар берилди. Алдыңкы үч педагог өзгөчө сыйлыктарга ээ

Ишкер Media