Баткен районунда сел тосмолору курулат

Баткен районунда сел тосмолору курулат

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Баткен облусунда сел коркунучу бар аймактар менен таанышты. Алгач Баткен районунун Ак-Татыр айылындагы сел өткөрүүчү сайдын жээгин бекемдөө, бул багытта аткарылуучу жумуш боюнча тиешелүү адистер менен жеринде көрүп чыкты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 13 миңден ашуун калк жашаган Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Бужум айылында да жаңы конушту өзгөчө кырдаалдардан коргоо максатында тосмо куруу зарыл. Бул боюнча жарандар Элдик курултайда өлкө башчысына кайрылуу жасашкан. Аталган обьектте болгон министр тиешелүү иш-кагаздарын бүткөрүү тапшырмасын коюп, андан соң КР ӨКМдин “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” бөлүмүнүн обьектисинин негизинде коргоо чаралары ишке ашарын убада берди.
Андан соң, Таян айылындагы “Ысырык жай” участкасында болуп, болжол менен 100 метр аралыкка сел тосмо куруу зарылчылыгын көрдү. Сел кармоочу тосмо куруу үчүн жергиликтүү бийлик органдары тарабынан долбоордук изилдөө иштери аткарылгандыктан, аталган айылды сел коркунучунан коргоого алуу ӨКМ тарабынан колго алынарын белгиледи. 

Ал эми 2026-жылдын 30-апрель күнү Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагында сел келген Тамаша сайы ички чарбалык жол катары пайдаланылгандыктан, кооптуулук жогору. Бул багытта район акими менен жеринде талкуу жүргүзүп, коргоо чараларын биргеликте ишке ашыруу каралды.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ош шаарынын күнүнө жана залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына карата өткөн төкмө акындардын республикалык айтышы жыйынтыкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 15тен ашык акын катышкан сынактын байге фонду 1 млн сомду түздү. Жеңүүчүлөр: • Баш байге (200 миң сом) - Нурсултан Абдикаримов • 1-орун (170 миң сом)

Ишкер Media
Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

5-октябрь - Ош шаарынын күнүнө карата шаарга Азербайжандын Гянджа, Кытайдын Шицзячжуан, Түркиянын Маниса, Өзбекстандын Андижан жана Наманган, ошондой эле Россиянын Ярославль, Ростов-на-Дону жана Иркутск шаарларынан делегациялар келди. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалымдалгандай, Мэр Жанарбек Акаев конокторду расмий кабыл алып, майрамга катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, шаарлар аралык достук

Ишкер Media
Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга 19 вагондон турган "Golden Eagle" эл аралык туристтик поезди №931/932 каттамы менен Бишкек-2 бекетине 73 туристти алып келди. Конокторду "Кыргыз темир жолу" ишканасы салтанаттуу тосуп алды. Бул тууралуу ататлган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, бекетте улуттук кол өнөрчүлөр жарманкеси уюштурулуп, комузчулар тобу чыгармаларды аткарды.

Ишкер Media
Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

3-октябрда Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанатта "Жылдын мыкты мугалими - 2026" шаардык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Билдирүүгөө караганда, сынактын жыйынтыгында 1, 2, 3-орун алган 52 мугалимге 60, 80 жана 100 миң сомдук сертификаттар берилди. Алдыңкы үч педагог өзгөчө сыйлыктарга ээ

Ишкер Media