180 зыяратчы Мединага учуп кетти
10-майда Ош эл аралык аэропортунан кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу Медина шаарына учуп кетти. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ажыларды узатуу аземине Абдулазиз кары Закиров баштаган Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын өкүлдөрү жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
Муфтий ажыларды сабырдуу болууга, убакытты туура пайдаланууга жана шарият талаптарын так аткарууга чакырды.
Алгачкы рейс менен 180 зыяратчы жөнөп кеткен.