Нарын районунда 11 млн сомго парк оңдоп-түзөөдөн өттү
Нарын районунун Куланак айылындагы А.Орозакунов атындагы паркты реконструкциялоо иштери аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу райондук админстрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоордун наркы 11 миллион 200 миң сомду түзүп, анда райондук өнүктүрүү фондунун, Орозакуновдун бир туугандарынын, үлүштүк дем берүүчү гранттын жана айыл өкмөттүн да салымы бар.
Долбоордун ишке ашуусу менен айылдын инфраструктурасы жакшырып, калктын эс алуусуна шарттар түзүлдү.