Бишкек мэринин тургундар менен жолугушуу графиги өзгөрдү

Бишкек мэринин тургундар менен жолугушуу графиги өзгөрдү

11-майдан тарта Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев борбор калаанын тургундары менен ачык форматтагы жолугушууларды өткөрөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуулар Президенттин тапшырмасынын алкагында уюштурулуп, шаардын бардык райондорунда өтөт. Анда шаардык инфраструктураны өнүктүрүү, муниципалдык кызматтардын иши жана тургундардын сунуштары талкууланат.

Свердлов районундагы жолугушуулар 11-12-май күндөрү өтөт. Биринчи май районунун тургундары менен жолугушуу 13-14-майга белгиленген. Ленин районундагы жолугушуулар 15-16-май күндөрү уюштурулса, Октябрь районунун жашоочулары мэр менен 20-21-май күндөрү жолуга алышат.

Жолугушуулар күн сайын саат 16:00дө башталат.

Мэрия белгилегендей, иш-чаралар шаар тургундары менен түз байланыш түзүүгө жана актуалдуу көйгөйлөрдү биргелешип чечүүгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Манас шаарында 6 жаңы мектеп курулуп жатат

Манас шаарында 6 жаңы мектеп курулуп жатат

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги Манас шаарынын аймагында учурда 6 жаңы мектеп курууда. Алардын бири — Ж. Болотов атындагы №21 орто мектеп. Долбоорго ылайык, мектеп 375 окуучуга ылайыкталып, заманбап үч кабаттуу окуу корпусу, жыйындар залы жана ашкана менен камсыз болот. Имараттын жалпы аянты 2 478 чарчы метрди түзөт.

Жарандарга пенсия алуу үчүн документ чогултуу талаптары азаят

Жарандарга пенсия алуу үчүн документ чогултуу талаптары азаят

Социалдык фонд жаш курак жана майыптык боюнча пенсияларды дайындоо иштерин автоматташтырууга багытталган тутумду ишке киргизүүгө даярдык көрүп жатат. Мекеменин маалыматына ылайык, жаңы система жарандардын эмгек тажрыйбасы, кирешеси жана тиешелүү маалыматтарды автоматтык түрдө топтоп, пенсиянын өлчөмүн эсептеп, аны тариздөөнү жеңилдетет. Мындан ары жарандар кошумча маалымкаттарды чогултуп убара болбойт. Жаңы тартипке ылайык,

Кара-Кечеге барчу жол жабылды

Кара-Кечеге барчу жол жабылды

Нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Дыйкан – Кара-Кече – Молдо-Ашуу унаа жолунда сел жүрдү. Бул тууралуу “Кыргызкөмүрдүн” басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, селдин кесепетинен жолдун 30 – 32-чакырымындагы көпүрө толугу менен жараксыз абалга келип, Кара-Кече кенине алып баруучу жолдо бардык автотранспорт каражаттарынын кыймылы толугу менен токтотулду. Ушуга байланыштуу бардык

Түндүк–Түштүк альтернативдик жолунда таш кулаган тилке тазаланууда

Түндүк–Түштүк альтернативдик жолунда таш кулаган тилке тазаланууда

3-июлда эртең менен саат 09:00 чамасында Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун 239–243-чакырым аралыгында тоо боорунан таш кулады. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, окуядан кийин кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери дароо башталып, №24 Жол эксплуатациялоо мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалар тартылды. Учурда жолду таштардан тазалоо иштери уланууда.