Беш өлкөнүн өкүлдөрү Кыргызстандын ири курулуш долбоорлору менен таанышты

Беш өлкөнүн өкүлдөрү Кыргызстандын ири курулуш долбоорлору менен таанышты

Бүгүн Бишкектеги "Ак-Кеме" мейманканасында "Борбордук Азия - Кытай" курулуш министрлеринин экинчи конференциясынын алкагында Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан ири курулуш долбоорлорунун көргөзмөсү уюштурулду.

Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, көргөзмөдө ири объектилердин архитектуралык макеттери жана долбоордук чечимдери мультимедиялык экрандарда, санариптик жабдууларда көрсөтүлдү.

Иш-чарага Кыргызстандын курулуш министри Нурдан Орунтаев, Кытайдын турак жай, шаардык жана айыл-кыштак курулуш министри Ни Хун, ошондой эле Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын тиешелүү тармактарынын жетекчилери катышты. Мындан тышкары, "Борбордук Азия - Кытай" форматынын катчылыгынын башкы катчысы Сунь Вэйдун да болду.

Нурдан Орунтаев делегация башчыларын көргөзмө менен тааныштырып, Кыргызстанда, анын ичинде туристтик аймактарда ишке ашырылып жаткан ири курулуш жана инфраструктуралык долбоорлор тууралуу маалымат берди. Ошондой эле өлкөнүн климаттык өзгөчөлүктөрүнө жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүнө токтолуп, чет өлкөлүк өкүлдөрдү Кыргызстанга жылдын бардык мезгилинде келип кетүүгө чакырды.

Көргөзмөнүн максаты - Кыргызстандын курулуш тармагындагы жетишкендиктерин жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн эл аралык өнөктөштөргө тааныштыруу, ошондой эле тармактагы кызматташтыкты кеңейтүү.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Эмгек министри "Келечек" реабилитациялык борборунун иши менен таанышты

Кыргызстанда 15 МВттык калкып туруучу күн электр станциясы курулат

Спорттук гимнастика боюнча эл аралык мелдеште Сайкал Мамашарипова эки медаль жеңип алды

Борбор калаада эки көчөдө жол куруу иштери аяктады

Бишкекте көмүрдүн баасы 7 миң сомдон башталат