Борбор калаада эки көчөдө жол куруу иштери аяктады

Борбор калаада эки көчөдө жол куруу иштери аяктады

Бишкек шаарындагы Кара-Коо жана Айни көчөлөрүндө жол куруу иштери толук аяктап, жаңы жол тилкелери пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Кара-Коо көчөсүнүн Д. Садырбаев көчөсүнөн Шералиев көчөсүнө чейинки 720 метр бөлүгүнө жол төшөлүп, ирригациялык система жана тротуарлар курулду.

Ошондой эле Ленин районундагы Айни көчөсүнүн Махатма Ганди көчөсүнөн Адышев көчөсүнө чейинки 500 метр бөлүгүндө курулуш иштери аяктап, унаа кыймылы ачылды.

Аталган долбоорлор шаардык жол инфраструктурасын жакшыртууга жана тургундар үчүн коопсуз, ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Эмгек министри "Келечек" реабилитациялык борборунун иши менен таанышты

Кыргызстанда 15 МВттык калкып туруучу күн электр станциясы курулат

Спорттук гимнастика боюнча эл аралык мелдеште Сайкал Мамашарипова эки медаль жеңип алды

Беш өлкөнүн өкүлдөрү Кыргызстандын ири курулуш долбоорлору менен таанышты

Бишкекте көмүрдүн баасы 7 миң сомдон башталат