Кылмыштуу ишмердүүлүктү каржылоого каршы талкуу өттү

Кылмыштуу ишмердүүлүктү каржылоого каршы талкуу өттү

Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков кылмыштуу ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоого каршы аракеттенүү жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалымат жана саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө, Адилет Орозбеков Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерин, учурдагы чакырыктар менен коркунучтарды эске алуу менен, кылмыштуу ишмердүүлүктү каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерин азайтуу боюнча чараларды жөнгө салуучу улуттук стратегиялык документтин долбоорун тез арада иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары, виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү тобокелдиктерди камтыган жаңы чакырыктарга, ошондой эле ФАТФ стандарттарын улуттук мыйзамдарга ыкчам киргизүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ош шаарынын күнүнө жана залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына карата өткөн төкмө акындардын республикалык айтышы жыйынтыкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 15тен ашык акын катышкан сынактын байге фонду 1 млн сомду түздү. Жеңүүчүлөр: • Баш байге (200 миң сом) - Нурсултан Абдикаримов • 1-орун (170 миң сом)

Ишкер Media
Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

5-октябрь - Ош шаарынын күнүнө карата шаарга Азербайжандын Гянджа, Кытайдын Шицзячжуан, Түркиянын Маниса, Өзбекстандын Андижан жана Наманган, ошондой эле Россиянын Ярославль, Ростов-на-Дону жана Иркутск шаарларынан делегациялар келди. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалымдалгандай, Мэр Жанарбек Акаев конокторду расмий кабыл алып, майрамга катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, шаарлар аралык достук

Ишкер Media
Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга 19 вагондон турган "Golden Eagle" эл аралык туристтик поезди №931/932 каттамы менен Бишкек-2 бекетине 73 туристти алып келди. Конокторду "Кыргыз темир жолу" ишканасы салтанаттуу тосуп алды. Бул тууралуу ататлган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, бекетте улуттук кол өнөрчүлөр жарманкеси уюштурулуп, комузчулар тобу чыгармаларды аткарды.

Ишкер Media
Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

3-октябрда Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанатта "Жылдын мыкты мугалими - 2026" шаардык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Билдирүүгөө караганда, сынактын жыйынтыгында 1, 2, 3-орун алган 52 мугалимге 60, 80 жана 100 миң сомдук сертификаттар берилди. Алдыңкы үч педагог өзгөчө сыйлыктарга ээ

Ишкер Media