Кыргызстанда каналдарды бекемдөө үчүн жаңы технология колдонулушу мүмкүн

Кыргызстанда каналдарды бекемдөө үчүн жаңы технология колдонулушу мүмкүн

Бүгүн суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков россиялык “Машстрой” ЖЧКсынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Жолугушууда суу чарба инфраструктурасын бекемдөөдө колдонулуучу заманбап технологиялар талкууланды. Компания өкүлдөрү каналдарды, жээктерди жана гидротехникалык объектилерди бекемдөө үчүн пайдаланылуучу бетон полотносунун технологиясын тааныштырды.

Маалыматка ылайык, бул технология суу жоготууларын азайтып, инфраструктуралык объектилердин туруктуулугун жогорулатууга багытталган.

Жыйынтыгында тараптар заманбап технологияларды киргизүү жана тажрыйба алмашуу боюнча кызматташууга кызыкдар экенин билдиришти.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Спорттук гимнастика боюнча эл аралык мелдеште Сайкал Мамашарипова эки медаль жеңип алды

Беш өлкөнүн өкүлдөрү Кыргызстандын ири курулуш долбоорлору менен таанышты

Борбор калаада эки көчөдө жол куруу иштери аяктады

Бишкекте көмүрдүн баасы 7 миң сомдон башталат

Ошто 528 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады