Бишкекте көмүрдүн баасы 7 миң сомдон башталат

Бишкекте көмүрдүн баасы 7 миң сомдон башталат

Бишкек шаарында жылытуу мезгилине даярдык көрүү үчүн көмүр базаларында 13 миң тоннадан ашык катуу отундун запасы топтолду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда шаардын төрт районунда көмүр базалары иштеп, отундун запасына жана бааларына мониторинг жүргүзүлүүдө.

Райондор боюнча көмүрдүн запасы төмөнкүдөй:

  • Свердлов районунда 9 база иштеп, 6 073 тонна көмүр бар.
  • Биринчи май районунда 9 база иштеп, 1 048 тонна көмүр топтолгон.
  • Ленин районунда 13 база иштеп, 4 852 тонна көмүр бар.
  • Октябрь районунда "Кара-Кече" маркасындагы 1 558 тонна көмүр сатылууда.

Көмүрдүн баасы маркасына жараша тоннасына 7 000 сомдон 8 000 сомго чейин жетет. Айрым базаларда көмүрдү кап менен сатып алууга да болот.

Мэрия шаар тургундарын көмүрдү алдын ала сатып алып, кыш мезгилине өз убагында даярданууга чакырат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстанда 15 МВттык калкып туруучу күн электр станциясы курулат

Спорттук гимнастика боюнча эл аралык мелдеште Сайкал Мамашарипова эки медаль жеңип алды

Беш өлкөнүн өкүлдөрү Кыргызстандын ири курулуш долбоорлору менен таанышты

Борбор калаада эки көчөдө жол куруу иштери аяктады

Ошто 528 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады