Таластагы жолдордун курулуштарынын сапаты текшерилди

Таластагы жолдордун курулуштарынын сапаты текшерилди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, өлкө аймагында курулуп жаткан унаа жолдорунун курулушунун сапатына болгон көзөмөлдү күчөтүү максатында атайын рейддик иш-чаралар өткөрүлүүдө. 

Рейддин алкагында министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти жана курулушта сертификаттоонун республикалык борбору тарабынан Талас облусунда курулган жана курулуп жаткан бир катар жолдор текшерилди.

Көчмө лабораториялык текшерүүдө Бердике Баатыр көчөсү, Манас көчөсүн (Турсалиев-Шеркулов),Үмөт-Молдо көчөсүн,Шеркулов (Тагайбаев Огомбаевге чейин),Э.Мадиев (Айтматов көчөсүнөн А.Огомбаев көчөсүнө чейин), Оторбаев көчөсү (Алымкулов-Алымбеков чейин)жана башка көчөлөрдүн капиталдык оңдоо, реконструкция иштеринин сапаты каралды.
Аталган жолдордун жана тротуарлардын курулуш сапаты боюнча Талас регионалдык мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан подрядчы уюмдарга эскертүүлөр берилип, административдик чаралар көрүлдү.

Курулуш министрлиги эскертет, курулуш тармагындагы баардык субьекттердин белгиленген талаптарды так сактоого чакырат.

Белгилей кетсек, мындай рейддик иш-чаралар курулуп жаткан объектилердин ишенимдүүлүгүн камсыздоого, ошондой эле подряддык уюмдардын аткарылган иштердин сапаты үчүн жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ош шаарынын күнүнө жана залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына карата өткөн төкмө акындардын республикалык айтышы жыйынтыкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 15тен ашык акын катышкан сынактын байге фонду 1 млн сомду түздү. Жеңүүчүлөр: • Баш байге (200 миң сом) - Нурсултан Абдикаримов • 1-орун (170 миң сом)

Ишкер Media
Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

5-октябрь - Ош шаарынын күнүнө карата шаарга Азербайжандын Гянджа, Кытайдын Шицзячжуан, Түркиянын Маниса, Өзбекстандын Андижан жана Наманган, ошондой эле Россиянын Ярославль, Ростов-на-Дону жана Иркутск шаарларынан делегациялар келди. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалымдалгандай, Мэр Жанарбек Акаев конокторду расмий кабыл алып, майрамга катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, шаарлар аралык достук

Ишкер Media
Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга 19 вагондон турган "Golden Eagle" эл аралык туристтик поезди №931/932 каттамы менен Бишкек-2 бекетине 73 туристти алып келди. Конокторду "Кыргыз темир жолу" ишканасы салтанаттуу тосуп алды. Бул тууралуу ататлган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, бекетте улуттук кол өнөрчүлөр жарманкеси уюштурулуп, комузчулар тобу чыгармаларды аткарды.

Ишкер Media
Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

3-октябрда Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанатта "Жылдын мыкты мугалими - 2026" шаардык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Билдирүүгөө караганда, сынактын жыйынтыгында 1, 2, 3-орун алган 52 мугалимге 60, 80 жана 100 миң сомдук сертификаттар берилди. Алдыңкы үч педагог өзгөчө сыйлыктарга ээ

Ишкер Media