Адылбек Касымалиев көчмөндөр оюндарына карата даярдыктарды текшерди

Адылбек Касымалиев көчмөндөр оюндарына карата даярдыктарды текшерди

13-майда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиадолбоорунун алкагында Ысык-Көл облусуна жумушчу сапары менен барды. Сапардын негизги максаты масштабдуу эл аралык иш-чараларды өткөрүүгө инфраструктуралык жана маданий объектилердин даярдыгын текшерүү болду. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, инспекциянын алкагында Министрлер Кабинетинин башчысы Кырчын капчыгайына барып, этномаданий иш-чараларды өткөрүүгө арналган аянтчалардын учурдагы абалы менен таанышты. Андан ары Адылбек Касымалиев этномаданиятты, ат спорту индустриясын жана асыл тукум жылкычылыкты өнүктүрүү борборун көрүп чыкты. Текшерүүнүн жүрүшүндө объектти модернизациялоо жана алдыдагы мелдештерге даярдоо маселелери талкууланды. 

Ошондой эле Адылбек Касымалиев Ч.Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий борборуна барып, аймактагы маданий алмашуунун негизги борборлорунун бири катары, ошондой эле Шанхай Кызматташтык Уюмунун жана Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында расмий иш-чаралар өтө турган объект катары объектти сактоонун жана тийиштүү түрдө күтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын иш сапарынын жүрүшүндө Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин муктаждыктары үчүн сатылып алынган жаңы атайын техниканын техникалык мүнөздөмөлөрү көрсөтүлдү. Министр Нурдан Орунтаев техниканы бөлүштүрүү пландары жөнүндө баяндама жасады, ал облустун калктуу конуштарынын инфраструктурасын жакшыртууга жана көрктөндүрүүгө жумшалат. 

Министрлер кабинетинин башчысы техникалык паркты жаңыртуу курулуш жана коммуналдык иштердин ыкчамдуулугуна жана сапатына түздөн-түз таасир этиши керектигин баса белгиледи. 

Мындан тышкары окуңуз

Ак-Ордо конушунда бала бакча жана сейил бактар курулат

Ак-Ордо конушунда бала бакча жана сейил бактар курулат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов менен биргеликте Ак-Ордо конушунун тургундары менен жолугушту. Калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Аристократ көчөсү менен Калыгул Бай уулу көчөсүнүн кесилишиндеги 1,2 гектар жер тилкесине жакын арада бала бакча жана балдар ойноочу аянтча куруу боюнча тиешелүү

Сулайман-Тоо музей комплекси жаңыланат

Сулайман-Тоо музей комплекси жаңыланат

Ош шаарында “Сулайман-Тоо музей комплексин жаңылоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизүүчү таасирге баа берүү боюнча коомдук угуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдирди. Маалыматка ылайык, коомдук угуу “Сулайман-Тоо музей комплексин жаңылоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизе турган таасирлерди талкуулоо максатын көздөдү. Жыйында

Жыргалаңдагы эки асма жол ишке киргизилди

Жыргалаңдагы эки асма жол ишке киргизилди

Президент Садыр Жапаров 2-июлда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы мамлекеттик бардык сезондогу “Ала-Тоо Резорт” тоо кластеринин алкагында асма жолдорду техникалык ишке киргизүүнү баштап берди. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн маалыматына ылайык, мамлекет башчысы келечектеги бийик тоолуу эс алуу жайдын инфраструктурасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Долбоордун өкүлдөрү билдиргендей,

“Кыргызнефтегазда” дээрлик 967 млн сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуу аныкталды

“Кыргызнефтегазда” дээрлик 967 млн сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуу аныкталды

Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйынында өлкөнүн стратегиялык маанидеги ири ишканаларынын бири болгон “Кыргызнефтегаз” ААКсынын 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы каралды. Аудиттин жыйынтыгында ишканада 967 млн 824,3 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар жана олуттуу кемчиликтер аныкталган. Бул каражаттын ичинен 135 миллион 888,7 миң сому мамлекетке милдеттүү түрдө