Бишкектеги тигүү фабрикасы 300дөн ашуун жумушчу издеп жатат

Бишкектеги тигүү фабрикасы 300дөн ашуун жумушчу издеп жатат

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов Чүй облусу жана Бишкек шаары боюнча аймактык башкармалыктардын жетекчилери менен биргеликте Бишкек шаарында жайгашкан “Jasmir Brand” тигүү фабрикасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 2024-жылдын май айында негизделген фабрика бүгүнкү күндө Кыргызстандагы өнүгүп келе жаткан ири тигүү өндүрүштөрүнүн бири болуп саналат. Ишкананын негизги багыты — жергиликтүү жарандарды жумуш менен камсыз кылуу, жаштарды кесипке үйрөтүү жана ата мекендик өндүрүштү эл аралык рынокко чыгаруу.

Учурда фабрикада жергиликтүү тургундар эмгектенип, тигилген продукциялар Орусия рыногуна экспорттолууда. Ошондой эле “Кыргызстанда жасалган” бренди алдындагы кийимдер онлайн платформалар аркылуу сатылып келет.

Фабрикада кызматкерлер үчүн заманбап эмгек шарттары түзүлгөн. Алар бекер жатакана жана түшкү тамак менен камсыз болуп, өндүрүштө конвейердик система колдонулууда. Бул иштин ылдамдыгын жана продукциянын сапатын жогорулатууга шарт түзүүдө.

Мындан тышкары, ишканада дуалдык окутуу системасы киргизилип, Эл аралык инновациялык технологиялар университети жана колледж менен биргеликте 100дөн ашуун студентке акысыз теориялык жана практикалык билим берилүүдө.

Фабриканын жетекчиси Жасур Парпиев учурда төрт цехке 300дөн ашуун тигүүчү талап кылынарын билдирди. Анын айтымында, кызматкерлер үчүн жатакана, тамак-аш жана алыскы аймактардан келгендерге жол кире чыгымдарын кароо мүмкүнчүлүгү да каралган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда мейманкана жана ресторан кызматтарынын көлөмү 80 млрд сомго жакындады

Кыргызстанда мейманкана жана ресторан кызматтарынын көлөмү 80 млрд сомго жакындады

Кыргызстанда 2025-жылы мейманканалар жана ресторандар көрсөткөн кызматтардын көлөмү 80 млрд сомго жакындады. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 24,6% көп. Мындай маалымат Улуттук статистика комитетинин “Кыргыз Республикасынын керектөө рыногу 2021–2025” басылмасында белгиленген. Аталган маалыматка ылайык, 2021-жылга салыштырмалуу бул тармактагы кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 2,6 эсеге өскөн. Жалпы көлөмдүн

Ишкер Media
Чаарат кени: Канадалык компания 60 млн доллар которду

Чаарат кени: Канадалык компания 60 млн доллар которду

Канадалык Silvercorp Metals компаниясы Кыргызстандын өкмөтүнө Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Чаарат алтын кенинин Түлкүбаш жана Кызылташ тилкелерин иштетүү үчүн 60 млн доллар которду. Бул тууралуу инвесторлордун презентациясында маалымдалат. Компаниянын лицензиясы 30 жылга (2062-жылга чейин) узартылгандан кийин каражатты Кыргызстандын инвестициялар боюнча улуттук агенттигине которгон. Тараптар сүйлөшүлгөндөй биргелешкен ишкана түзүлдү,

Ишкер Media
Улуттук банк банктар жана алмашуу бюролору үчүн бир катар талаптарды өзгөрттү

Улуттук банк банктар жана алмашуу бюролору үчүн бир катар талаптарды өзгөрттү

Кыргызстандын Улуттук банкы мыйзамдарга ылайык келтирүү максатында өзүнүн бир катар ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизди. Өзгөртүүлөр банктардагы, банк эмес финансы-кредит уюмдарындагы, төлөм уюмдарындагы жана алмашуу бюролорундагы ички көзөмөл, укук бузууларды кароо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү талаптарын камтыйт. Маанилүү өзгөрүүлөрдүн бири - банктарда кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана кылмыштуу ишти

Ишкер Media
Ишкерлер “Региондорду экономикалык өнүктүрүү” долбоорун  талкуулашты

Ишкерлер “Региондорду экономикалык өнүктүрүү” долбоорун талкуулашты

Баткен шаарында “Региондорду экономикалык өнүктүрүү” долбоорун ишке ашырууга арналган ишкерлер коомчулугунун өкүлдөрү менен маалыматтык жолугушуу өттү. Жолугуушуга 100дон ашык тургун катышып, “Мамлекеттик финансылык холдинг” ААКнун  төрагасынын орун басары Гайыпов Улан Абдурасуловичтин торагалыгынын алдында отту.  “Мамлекеттик финансылык холдинг” ААКнан маалымдагандай, иш-чаранын жүрүшүндө ишкерлерге холдингтин ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, бизнести мамлекеттик финансылык

Ишкер Media