Чүйдө санитардык-гигиеналык продукцияларды чыгаруучу ишкана ачылды

Чүйдө санитардык-гигиеналык продукцияларды чыгаруучу ишкана ачылды

Чүй облусунда Бренд КГ тарабынан ишке ашырылган балдар памперстерин жана санитардык-гигиеналык продукцияларды чыгаруучу өндүрүш ишканасынын ачылышы болду.

Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Акунбеков, Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары М.Койчуманов катышты.

Бул долбоор балдар памперстерин жана санитардык-гигиеналык продукцияларды чыгарган өлкөдөгү алгачкы ата мекендик өндүрүш болуп саналат. Компаниянын өндүрүш комплекси “Ак-Чий” ЭЭА аймагында жайгашып, заманбап жогорку технологиялык жабдуулар менен камсыздалган.

Долбоорду ишке ашыруу өлкөнүн өнөр жай потенциалын өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, импортту алмаштырууга жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган. Ишкананын ишке кириши ички рыноктун импорттук продукцияга болгон көз карандылыгын азайтып, санитардык-гигиеналык товарлардын ата мекендик өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтүүгө өбөлгө түзөт деп күтүлүүдө.
Мындан тышкары, ишкана заманбап сапат жана коопсуздук стандарттарына жооп берген продукцияларды чыгарууга багытталган. Келечекте продукцияны Борбор Азия өлкөлөрүнүн рынокторуна экспорттоо мүмкүнчүлүгү да каралууда.

Иш-чаранын алкагында ишкананын расмий ачылышы болуп, заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу жана чыгарылып жаткан продукциялар тааныштырылды.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ош шаарынын күнүнө жана залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына карата өткөн төкмө акындардын республикалык айтышы жыйынтыкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 15тен ашык акын катышкан сынактын байге фонду 1 млн сомду түздү. Жеңүүчүлөр: • Баш байге (200 миң сом) - Нурсултан Абдикаримов • 1-орун (170 миң сом)

Ишкер Media
Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

5-октябрь - Ош шаарынын күнүнө карата шаарга Азербайжандын Гянджа, Кытайдын Шицзячжуан, Түркиянын Маниса, Өзбекстандын Андижан жана Наманган, ошондой эле Россиянын Ярославль, Ростов-на-Дону жана Иркутск шаарларынан делегациялар келди. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалымдалгандай, Мэр Жанарбек Акаев конокторду расмий кабыл алып, майрамга катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, шаарлар аралык достук

Ишкер Media
Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга 19 вагондон турган "Golden Eagle" эл аралык туристтик поезди №931/932 каттамы менен Бишкек-2 бекетине 73 туристти алып келди. Конокторду "Кыргыз темир жолу" ишканасы салтанаттуу тосуп алды. Бул тууралуу ататлган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, бекетте улуттук кол өнөрчүлөр жарманкеси уюштурулуп, комузчулар тобу чыгармаларды аткарды.

Ишкер Media
Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

3-октябрда Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанатта "Жылдын мыкты мугалими - 2026" шаардык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Билдирүүгөө караганда, сынактын жыйынтыгында 1, 2, 3-орун алган 52 мугалимге 60, 80 жана 100 миң сомдук сертификаттар берилди. Алдыңкы үч педагог өзгөчө сыйлыктарга ээ

Ишкер Media