Дары-дармектердин баасы жөнгө салынат

Дары-дармектердин баасы жөнгө салынат

Саламаттык сактоо министрлиги бааларды жөнгө салуу жана препараттардын баалары жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу механизмдери аркылуу калк үчүн сапаттуу, коопсуз жана натыйжалуу дары каражаттарынын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча ишти улантууда. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, баалар жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын тизмесиндеги дары-дармектерге жөнгө салынат, буга төмөнкүлөр кирбейт:

психотроптук жана баңгизат препараттары;

наркы 100 сомго чейинки, жеңилдетилген дары-дармек программаларына кирбеген препараттар (Мамлекеттик кепилдиктер программасы жана ММКнын Кошумча программасы);

жеңилдетилген дары-дармек программаларына кирбеген рецептсиз дары-дармектер;

"Кыргызфармация" МИ алып келген препараттар.

Саламаттыкты сактоо министрлиги калктын дары-дармек каражаттары жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу максатында функционалдык мүмкүнчүлүктөрү жакшыртылган "Дары-Дармек" мобилдик тиркемесин сунуштайт.

"Дары-Дармек" тиркемеси аркылуу колдонуучулар төмөнкүлөрдү аткара алышат:

Дары-дармектин катталышы жана анын өлкөдөгү белгиленген баасы жөнүндө билүү;

Керектүү дары бар жакынкы дарыкананы табуу;

Сатып алынган дары-дармек үй-бүлөлүк дарыгер тарабынан жазылган жеңилдетилген рецепт боюнча арзандатуу менен сатылышы мүмкүнчүлүгү бар экенин жана жеңилдетилген дары-дармек программаларына киргенин текшерүү;

Ашыкча төлөм тууралуу арызды түздөн-түз колдонмо аркылуу тапшыруу.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ош шаарынын күнүнө жана залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына карата өткөн төкмө акындардын республикалык айтышы жыйынтыкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 15тен ашык акын катышкан сынактын байге фонду 1 млн сомду түздү. Жеңүүчүлөр: • Баш байге (200 миң сом) - Нурсултан Абдикаримов • 1-орун (170 миң сом)

Ишкер Media
Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

5-октябрь - Ош шаарынын күнүнө карата шаарга Азербайжандын Гянджа, Кытайдын Шицзячжуан, Түркиянын Маниса, Өзбекстандын Андижан жана Наманган, ошондой эле Россиянын Ярославль, Ростов-на-Дону жана Иркутск шаарларынан делегациялар келди. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалымдалгандай, Мэр Жанарбек Акаев конокторду расмий кабыл алып, майрамга катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, шаарлар аралык достук

Ишкер Media
Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга 19 вагондон турган "Golden Eagle" эл аралык туристтик поезди №931/932 каттамы менен Бишкек-2 бекетине 73 туристти алып келди. Конокторду "Кыргыз темир жолу" ишканасы салтанаттуу тосуп алды. Бул тууралуу ататлган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, бекетте улуттук кол өнөрчүлөр жарманкеси уюштурулуп, комузчулар тобу чыгармаларды аткарды.

Ишкер Media
Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

3-октябрда Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанатта "Жылдын мыкты мугалими - 2026" шаардык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Билдирүүгөө караганда, сынактын жыйынтыгында 1, 2, 3-орун алган 52 мугалимге 60, 80 жана 100 миң сомдук сертификаттар берилди. Алдыңкы үч педагог өзгөчө сыйлыктарга ээ

Ишкер Media