Борбор калаада кар тазалоого 114 атайын техника даярдалды
Аба ырайынын өзгөрүп, кар жаашы күтүлүп жаткандыгына байланыштуу борбордогу "Тазалык" муниципалдык ишканасы атайын техникаларын жана кызматкерлерин толук даярдык режимине өткөрдү. Бул тууралуу мэрия маалымдады.
Билдирүүгө караганда, шаар көчөлөрүн жана жолдорун кардан тазалоо үчүн жалпы 114 даана атайын жана автотранспорттук техника даярдалды.
Алардын катарында 55 кар тазалоочу унаа, 34 "Беларусь" трактору, 3 фронталдык жүктөгүч, 5 УКМ-2500 техникасы, 6 "Бобкэт", 3 АСП-25 кар жүктөгүчү жана 4 "Хово" самосвалы бар.
Мындан тышкары, жолдорду тазалоого жол пайдалануу кызматынын 50 кызматкери, аялдамаларды, тротуарларды жана аларга чектеш аймактарды тазалоого 954 аймак тазалоочу жумушчу жана 197 жүк жүктөгүч кызматкер тартылат.
Тазалоо иштери жолдордун категориясына жана унаа кыймылынын интенсивдүүлүгүнө жараша жүргүзүлөт. Биринчи кезекте негизги магистралдарга, коомдук транспорт каттаган көчөлөргө жана муз тоңуу коркунучу жогору болгон тилкелерге көңүл бурулат.
Ошондой эле музга каршы күрөшүү үчүн ишкананын кампасында 2026-жылдын 1-ноябрына карата 6 769 тонна техникалык туз топтолгон.
Бишкек мэриясы айдоочуларды ылдамдык режимин сактоого, жолдо этият болууга жана атайын техникалардын ишине тоскоолдук жаратпоого чакырат.