Чек ара жаңжалынан жабыркаган жарандарга экинчи турак жайлар берилүүдө
Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан жабыркаган жарандарга экинчи турак жайларды бөлүштүрүү иштери башталды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Бул иштер президенттин 2022-жылдын 17-сентябрындагы Баткен жана Ош облустарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Жарлыгынын негизинде жүргүзүлүүдө.
Маалыматка ылайык, мамлекеттик комиссиянын 2026-жылдын 29-октябрындагы №7 чечиминин негизинде Тажикстандан Кыргызстанга өткөрүлүп берилген турак жайларды жарандарга бөлүштүрүү чечими кабыл алынган.
Облустук жумушчу топтун төрагасы, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаевдин жетекчилиги алдында Баткен районунда үй алуучулардын катышуусунда чүчү кулак өткөрүлдү. Ушундай эле иш-чара Лейлек районунда да уюштурулууда.
Жарандар чүчү кулактын негизинде алган номерлерине ылайык турак жайларды бөлүштүрүп алышат.
Белгилей кетсек, Тажикстандан Кыргызстанга жалпы 213 турак жай өткөрүлүп берилген. Учурда алардын 180и жарандарга бөлүштүрүлүүдө.