Чүйдүн суу объектилеринен 1000 метр синтетикалык балык уулоочу тор чыгарылды
Чүй облусунун аймагында жаратылышты коргоо мыйзамдарынын сакталышын камсыздоо максатында рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, рейддин жүрүшүндө балык уулоодо тыюу салынган синтетикалык торлорду колдонуу фактысы аныкталды.
Аталган мыйзам бузуу боюнча жалпы суммасы 16 500 сомду түзгөн 3 административдик протокол түзүлдү.
Мындан тышкары, мыйзамсыз колдонулган жалпы узундугу 1000 метрди түзгөн синтетикалык балык уулоочу торлор алынды.
Ошондой эле рейд учурунда мыйзамсыз аңчылык кылуу фактылары аныкталып, бул багытта дагы 3 административдик протокол түзүлдү. Мыйзам бузуучуларга жалпы 37 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Жалпысынан рейддик иш-чаралардын жыйынтыгында 6 административдик протокол түзүлүп, салынган айып пулдардын жалпы суммасы 54 000 сомду түздү.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу