"Ачык кабинет": Өлкөдөгү үч эл аралык аэропорттогу иштер көрсөтүлдү

"Ачык кабинет": Өлкөдөгү үч эл аралык аэропорттогу иштер көрсөтүлдү

"Ачык кабинет" долбоорунун алкагында журналисттер Кыргызстандын үч эл аралык аэропортунда аткарылып жаткан иштер жана келечектеги ири долбоорлор менен таанышты. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов кабарлады.

Маалымдалгандай, иш сапардын жүрүшүндө алгач "Манас" эл аралык аэропорту көрсөтүлүп, реконструкциядан кийинки жаңыланган имарат, көп кабаттуу унаа токтотуучу жай жана келечектеги долбоорлор тууралуу маалымат берилди. Алардын катарында авиация музейи, "Авиатор" пансионаты, бизнес-борбор, учактарды техникалык тейлөө станциясы жана бонддук кампа бар.

Андан соң журналисттер "Ош" эл аралык аэропортундагы жаңы аэровокзал комплексинин курулушу менен таанышты. Ошондой эле "Жалал-Абад" эл аралык аэропортунда жаңы аэропорттун курулуш иштеринин жүрүшү көрсөтүлдү.

Иш-чаранын соңунда "Манас" аэропортунда реконструкцияланган расмий делегациялар залы жана "Асман Oil Company" компаниясы иштеткен күйүүчү май куюучу комплекс тааныштырылды.

Долбоордун негизги максаты - авиация тармагында аткарылып жаткан иштерди коомчулукка ачык көрсөтүү, пландар менен бөлүшүү жана журналисттер менен түз диалог түзүү.

Белгиленгендей, негизги максат аэропортторду жаңылоо менен гана чектелбестен, Кыргызстандын авиация тармагын жаңы деңгээлге көтөрүү болуп саналат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Баткенде акылдуу электр эсептегичтерди орнотуу иштери толугу менен аяктады

Борбор калаада кар тазалоого 114 атайын техника даярдалды

Өлкөдө балдарды эрте өнүктүрүү кызматтары менен камтуу 55 пайыздан ашканы айтылды

"Борбордук Азия — Кытай" конференциясында эки документке кол коюлду

Кыргызстан менен Казакстан тоо экосистемаларын сактоо багытында кызматташууну күчөтөт