Окумуштуулардын маянасына президенттик компенсациялык төлөмдөр төлөнөт

Окумуштуулардын маянасына президенттик компенсациялык төлөмдөр төлөнөт

Илимий уюмдардын кызматкерлерине айлык маянасына президенттик компенсациялык төлөмдөр төлөнөт. Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка таянсак, документ илимий-изилдөө ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу, ошондой эле илимий мекемелердин кызматкерлерин материалдык жактан стимулдаштыруу максатында кабыл алынды.

Токтомго ылайык, илимий жана илимий-техникалык уюмдардын кызматкерлерине төмөнкү өлчөмдө президенттик компенсациялык төлөмдөр белгиленет:

административдик-башкаруу жана негизги персонал үчүн - 15 миң сом;

техникалык жана кенже персонал үчүн - 5 миң сом.

Төлөмдөр кызматкердин иш жүзүндө иштеген убактысына жараша эсептелет. Алар бийик тоолуу жана алыскы аймактарда иштегендиги жана жашагандыгы үчүн берилүүчү үстөк акыларды, жөлөк пулдарды жана кошумча төлөмдөрдү эсептөөдө эске алынбайт.
Эгер кызматкер толук эмес ставкада иштесе, компенсациялык төлөм эмгек жүктөмүнө жараша пропорционалдуу түрдө төлөнөт.

Финансы министрлигине 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландуу мезгилине республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү даярдоодо тиешелүү каражаттарды кароо тапшырылды.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ош шаарынын күнүнө жана залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына карата өткөн төкмө акындардын республикалык айтышы жыйынтыкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 15тен ашык акын катышкан сынактын байге фонду 1 млн сомду түздү. Жеңүүчүлөр: • Баш байге (200 миң сом) - Нурсултан Абдикаримов • 1-орун (170 миң сом)

Ишкер Media
Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

5-октябрь - Ош шаарынын күнүнө карата шаарга Азербайжандын Гянджа, Кытайдын Шицзячжуан, Түркиянын Маниса, Өзбекстандын Андижан жана Наманган, ошондой эле Россиянын Ярославль, Ростов-на-Дону жана Иркутск шаарларынан делегациялар келди. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалымдалгандай, Мэр Жанарбек Акаев конокторду расмий кабыл алып, майрамга катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, шаарлар аралык достук

Ишкер Media
Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга 19 вагондон турган "Golden Eagle" эл аралык туристтик поезди №931/932 каттамы менен Бишкек-2 бекетине 73 туристти алып келди. Конокторду "Кыргыз темир жолу" ишканасы салтанаттуу тосуп алды. Бул тууралуу ататлган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, бекетте улуттук кол өнөрчүлөр жарманкеси уюштурулуп, комузчулар тобу чыгармаларды аткарды.

Ишкер Media
Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

3-октябрда Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанатта "Жылдын мыкты мугалими - 2026" шаардык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Билдирүүгөө караганда, сынактын жыйынтыгында 1, 2, 3-орун алган 52 мугалимге 60, 80 жана 100 миң сомдук сертификаттар берилди. Алдыңкы үч педагог өзгөчө сыйлыктарга ээ

Ишкер Media