Социалдык контракт аркылуу 57 миңден ашуун жумуш орду түзүлгөн

Социалдык контракт аркылуу 57 миңден ашуун жумуш орду түзүлгөн

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги социалдык жардам алуу толугу менен ыктыярдуу негизде жүзөгө ашырыларын маалымдайт.

Социалдык контракт - бул жакыр же аз камсыз болгон үй-бүлө менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмүнүн ортосунда түзүлгөн келишим. Программанын алкагында мамлекет жеке ишкердикти ачуу жана өнүктүрүү үчүн 150 миң сом өлчөмүндө кайтарымсыз жардам көрсөтөт.

Программа 2022-жылдан тартып ишке ашырылып келет. Алгач социалдык жардамдын көлөмү 100 миң сомду түзгөн болсо, 2025-жылы бул сумма 150 миң сомго чейин көбөйтүлгөн.

Программа ишке ашырыла баштагандан бери:
48 миңден ашуун үй-бүлө менен келишим түзүлгөн;
57 миңден ашуун жумуш орду түзүлгөн;
228 миңден ашуун жаран жашоо шарттарын жакшыртууда.
Долбоорго катышуу үчүн төмөнкү шарттар талап кылынат:
үй-бүлөнүн жакыр же аз камсыз болгон статусун тастыктаган документтин болушу;
үй-бүлөнүн социалдык контракт программасына катышууга ыктыярдуу макулдугу;
бизнес-пландын болушу;
эмгек жана мүлктүк потенциалдын болушу.

Мындан тышкары, социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүүнүн негизги принциптеринин бири - катышуунун ыктыярдуулугу болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ош шаарынын күнүнө жана залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына карата өткөн төкмө акындардын республикалык айтышы жыйынтыкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 15тен ашык акын катышкан сынактын байге фонду 1 млн сомду түздү. Жеңүүчүлөр: • Баш байге (200 миң сом) - Нурсултан Абдикаримов • 1-орун (170 миң сом)

Ишкер Media
Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

5-октябрь - Ош шаарынын күнүнө карата шаарга Азербайжандын Гянджа, Кытайдын Шицзячжуан, Түркиянын Маниса, Өзбекстандын Андижан жана Наманган, ошондой эле Россиянын Ярославль, Ростов-на-Дону жана Иркутск шаарларынан делегациялар келди. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалымдалгандай, Мэр Жанарбек Акаев конокторду расмий кабыл алып, майрамга катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, шаарлар аралык достук

Ишкер Media
Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга 19 вагондон турган "Golden Eagle" эл аралык туристтик поезди №931/932 каттамы менен Бишкек-2 бекетине 73 туристти алып келди. Конокторду "Кыргыз темир жолу" ишканасы салтанаттуу тосуп алды. Бул тууралуу ататлган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, бекетте улуттук кол өнөрчүлөр жарманкеси уюштурулуп, комузчулар тобу чыгармаларды аткарды.

Ишкер Media
Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

3-октябрда Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанатта "Жылдын мыкты мугалими - 2026" шаардык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Билдирүүгөө караганда, сынактын жыйынтыгында 1, 2, 3-орун алган 52 мугалимге 60, 80 жана 100 миң сомдук сертификаттар берилди. Алдыңкы үч педагог өзгөчө сыйлыктарга ээ

Ишкер Media