Адылбек Касымалиев Бишкектеги социалдык объектилерди текшерди

Адылбек Касымалиев Бишкектеги социалдык объектилерди текшерди

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы”медиадолбоорунун алкагында Бишкек шаарындагы бир катар социалдык объектилердин курулушунун жүрүшүн текшерди. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалымат жана саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, министрлер кабинетинин башчысы № 23 орто мектеби үчүн жаңы имараттын курулушунун жүрүшү менен таанышты. 700 орунга ылайыкташтырылган мектептин үч кабаттуу имаратында окуу кабинеттери, медициналык блок, китепкана жана окуу залы, ашкана жана тамактануу залы, административдик бөлмөлөр, лабораториялар (химия, физика, биология), компьютердик класстар, кошумча билим берүү кабинеттери, актовый зал, спорттук зал, ийримдер жана чыгармачылык өнөрканалар үчүн бөлмөлөр, кошумча окуу кабинеттери, көмөкчү жана чарбалык бөлмөлөр каралган. 

Аймакта спорттук жана оюн аянтчалары: мини-футбол аянтчасы, баскетбол-волейбол аянтчасы, воркаут-зонасы жана балдар ойноо аянтчасы бар. Андан ары Адылбек Касымалиев Кожомкул атындагы Спорт сарайдын реконструкциялоонун жүрүшүн текшерди. 
Реконструкция эки этап менен жүргүзүлөт: биринчи этап - бассейнди реконструкциялоо (2026-жыл); экинчи этап - ден соолукту чыңдоо борборун жана концерттик залды капиталдык оңдоо (2026–2027-жылдар). Бүгүнкү күндө жаңы бассейндин курулушу боюнча иштер жүрүп жатат. 

Текшерүүнүн жыйынтыгында Министрлер кабинетинин башчысы тиешелүү мамлекеттик органдарга белгиленген мөөнөттөрдүн жана сапат стандарттарынын сакталышын өзгөчө көзөмөлгө алып, курулуш иштеринин өз убагында жана сапаттуу аякташын камсыз кылууну тапшырды.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ош шаарынын күнүнө жана залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына карата өткөн төкмө акындардын республикалык айтышы жыйынтыкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 15тен ашык акын катышкан сынактын байге фонду 1 млн сомду түздү. Жеңүүчүлөр: • Баш байге (200 миң сом) - Нурсултан Абдикаримов • 1-орун (170 миң сом)

Ишкер Media
Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

5-октябрь - Ош шаарынын күнүнө карата шаарга Азербайжандын Гянджа, Кытайдын Шицзячжуан, Түркиянын Маниса, Өзбекстандын Андижан жана Наманган, ошондой эле Россиянын Ярославль, Ростов-на-Дону жана Иркутск шаарларынан делегациялар келди. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалымдалгандай, Мэр Жанарбек Акаев конокторду расмий кабыл алып, майрамга катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, шаарлар аралык достук

Ишкер Media
Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга 19 вагондон турган "Golden Eagle" эл аралык туристтик поезди №931/932 каттамы менен Бишкек-2 бекетине 73 туристти алып келди. Конокторду "Кыргыз темир жолу" ишканасы салтанаттуу тосуп алды. Бул тууралуу ататлган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, бекетте улуттук кол өнөрчүлөр жарманкеси уюштурулуп, комузчулар тобу чыгармаларды аткарды.

Ишкер Media
Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

3-октябрда Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанатта "Жылдын мыкты мугалими - 2026" шаардык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Билдирүүгөө караганда, сынактын жыйынтыгында 1, 2, 3-орун алган 52 мугалимге 60, 80 жана 100 миң сомдук сертификаттар берилди. Алдыңкы үч педагог өзгөчө сыйлыктарга ээ

Ишкер Media