Адылбек Касымалиев Улуттук онкология жана гематология борборун күтүүсүз текшерди

Адылбек Касымалиев Улуттук онкология жана гематология борборун күтүүсүз текшерди

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев бейтаптардан түшкөн арыздардын негизинде Улуттук онкология жана гематология борборунун поликлиникасына күтүүсүз текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалымат жана саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, иш сапардын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин башчысы бейтаптарды кабыл алуу шарттары, медициналык персоналдын ишинин уюштурулушу, медициналык жабдуулардын абалы, мекеменин инфраструктурасы жана материалдык-техникалык жактан камсыздалышы менен таанышты. 

Адылбек Касымалиев жарандардын узун кезектер, иштин жетишсиз уюштурулушу жана бейтаптардын болуу шарттарына байланыштуу арыздарына өзгөчө көңүл бурду. Текшерүүнүн жүрүшүндө медициналык тейлөөнү уюштуруу жана ички иштерди координациялоо боюнча бир катар кемчиликтер аныкталды. Министрлер Кабинетинин башчысы мекеменин ишин талаптагыдай уюштурбагандыгы үчүн жооптуу жетекчилерди сынга алып, онкологиялык оорулары бар бейтаптар мындай дарылануу шарттарына туш болбошу керектигин баса белгиледи. 

"Онкологиялык борборго келген ар бир адам өтө оор физикалык жана эмоционалдык абалда болот. Мамлекет сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө, өз убагында кабыл алууну жана тийиштүү дарылоону камсыз кылууга милдеттүү", - деп баса белгиледи Адылбек Касымалиев. 

Инспекциянын жыйынтыгында Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана медициналык мекеменин жетекчилигине бир катар тапшырмалар берилди, анын ичинде башкаруунун натыйжалуу тутумун камсыз кылуу, зарыл жабдууларды ыкчам тартипте сатып алуу, штатты көбөйтүү жана бейтаптарды кабыл алуу үчүн кошумча жайларды түзүү маселелерин иштеп чыгуу.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ош шаарынын күнүнө жана залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына карата өткөн төкмө акындардын республикалык айтышы жыйынтыкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 15тен ашык акын катышкан сынактын байге фонду 1 млн сомду түздү. Жеңүүчүлөр: • Баш байге (200 миң сом) - Нурсултан Абдикаримов • 1-орун (170 миң сом)

Ишкер Media
Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

5-октябрь - Ош шаарынын күнүнө карата шаарга Азербайжандын Гянджа, Кытайдын Шицзячжуан, Түркиянын Маниса, Өзбекстандын Андижан жана Наманган, ошондой эле Россиянын Ярославль, Ростов-на-Дону жана Иркутск шаарларынан делегациялар келди. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалымдалгандай, Мэр Жанарбек Акаев конокторду расмий кабыл алып, майрамга катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, шаарлар аралык достук

Ишкер Media
Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга 19 вагондон турган "Golden Eagle" эл аралык туристтик поезди №931/932 каттамы менен Бишкек-2 бекетине 73 туристти алып келди. Конокторду "Кыргыз темир жолу" ишканасы салтанаттуу тосуп алды. Бул тууралуу ататлган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, бекетте улуттук кол өнөрчүлөр жарманкеси уюштурулуп, комузчулар тобу чыгармаларды аткарды.

Ишкер Media
Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

3-октябрда Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанатта "Жылдын мыкты мугалими - 2026" шаардык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Билдирүүгөө караганда, сынактын жыйынтыгында 1, 2, 3-орун алган 52 мугалимге 60, 80 жана 100 миң сомдук сертификаттар берилди. Алдыңкы үч педагог өзгөчө сыйлыктарга ээ

Ишкер Media