Бишкекте автобуска жасалма акча төлөө фактысы катталды

Бишкекте автобуска жасалма акча төлөө фактысы катталды

Бишкек шаарында №42 автобус каттамын тейлеген “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын айдоочусу эки жолу алдамчылыктын курмандыгы болгон. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, жүргүнчү жол кирени төлөө учурунда 200 сомдук жасалма акчанын купюраларын колдонгон. Айдоочу банкноттордун жасалма экенин дароо байкаган эмес.

Ушуга байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун коомдук тартипти сактоого, коомдук транспорттун кызматкерлерине сый-урмат менен мамиле кылууга жана мыйзамга каршы аракеттерден алыс болууга чакырат.

💡
Кылмыш-жаза кодексине ылайык, жасалма акча жасоо, сактоо жана аны жүгүртүүгө чыгаргандар үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланат. Ошондой эле ири суммада жана бир топ адамдар тарабынан жасалганы аныкталса, 20 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк жыл башынан берки 12-валюталык интервенцияны өткөрдү

Улуттук банк жыл башынан берки 12-валюталык интервенцияны өткөрдү

Улуттук банкы кечээ 2026-жылдын башынан берки 12-валюталык интервенциясын өткөрдү. Ага ылайык, валюта рыногунда 207,55 млн доллар сатылды. Бул жыл башынан берки көлөмү боюнча экинчи ири интервенция болуп саналат. Расмий сайттагы маалыматтарга таянсак, жогоруда аталган жалпы сумманын 27 млн доллары бүтүмгө келишилген күндөгү эсептөөлөр менен, дагы 180,55

Ишкер Media
Бүгүн президент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат

Бүгүн президент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат

Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедовдун чакыруусу боюнча Президент Садыр Жапаров 8-9-октябрда Түркмөнстанга иш сапар менен барат. Анын жүрүшүндө Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусунун сегизинчи жыйынына катышат. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, мындан сырткары КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги Кеңешинин жыйыны да болушу күтүлүүдө.

Ишкер Media
Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

7-октябрда Жогорку Кенеште депутаттар "Кыргыз Республикасынын оюн-зоок жана лотереялык ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады жана кабыл алыды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызаты жазып чыкты. Мыйзам долбоору туурадуу маалыматты Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова

Ишкер Media
Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

7-октябрда Бишкекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартиби боюнча кыргыз-британ консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу тышкы саясий ведомстволордун департамент жетекчилери деңгээлинде өтүп, тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана Коопсуздук Кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун

Ишкер Media