Бишкектеги 6 көрүстөн жабылды

Бишкектеги 6 көрүстөн жабылды

11-майдан тартып Бишкек шаарындагы алты көрүстөндө маркумдарды жерге берүү, мурдагы мүрзөлөргө кошумча көмүү жана жаңы сөөк коюу иштери жүргүзүлбөйт. Бур тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка карганда, бул чечим көмүү жайларын тейлөөдө санитардык жана экологиялык талаптарды сактоо, ошондой эле жаңы сөөк коюу үчүн бош жерлердин жоктугуна байланыштуу кабыл алынды.

Тиешелүү чаралар Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун корутундусунун негизинде киргизилди.

Төмөнкү көрүстөндөрдө сөөк коюуга тыюу салынды:

Ыбырайым Абдрахманов жана Абдрашит Бердибаев көчөлөрүнүн кесилишинде;

“Энесай” конушунда Орхон жана Энесай 11-көчөлөрүнүн кесилишинде;

“Көк-Жар” конушундагы Фёдор Достоевский жана Арстанбап көчөлөрүнүн кесилишинде;

Орто-Сай айылындагы Мамбет Иманалиев көчөсүндө;

Лермонтов жана Мичурин көчөлөрүнүн кесилишинде;

Төмөнкү Ала-Арча айылындагы Кыргыз көчөсү менен Түндүк айланма жолунун кесилишинде.

Бишкек шаарынын мэриясы тургундардан сөөк коюуну уюштурууда киргизилген чектөөлөрдү эске алууну жана жаңы сөөк коюу үчүн бөлүнгөн көрүстөндөр тууралуу маалымат алуу максатында “Бишкектеги аза кызматтарын көрсөтүү агенттиги” муниципалдык ишканасына кайрылууну өтүнөт.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ош шаарынын күнүнө жана залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына карата өткөн төкмө акындардын республикалык айтышы жыйынтыкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 15тен ашык акын катышкан сынактын байге фонду 1 млн сомду түздү. Жеңүүчүлөр: • Баш байге (200 миң сом) - Нурсултан Абдикаримов • 1-орун (170 миң сом)

Ишкер Media
Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

5-октябрь - Ош шаарынын күнүнө карата шаарга Азербайжандын Гянджа, Кытайдын Шицзячжуан, Түркиянын Маниса, Өзбекстандын Андижан жана Наманган, ошондой эле Россиянын Ярославль, Ростов-на-Дону жана Иркутск шаарларынан делегациялар келди. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалымдалгандай, Мэр Жанарбек Акаев конокторду расмий кабыл алып, майрамга катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, шаарлар аралык достук

Ишкер Media
Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга 19 вагондон турган "Golden Eagle" эл аралык туристтик поезди №931/932 каттамы менен Бишкек-2 бекетине 73 туристти алып келди. Конокторду "Кыргыз темир жолу" ишканасы салтанаттуу тосуп алды. Бул тууралуу ататлган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, бекетте улуттук кол өнөрчүлөр жарманкеси уюштурулуп, комузчулар тобу чыгармаларды аткарды.

Ишкер Media
Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

3-октябрда Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанатта "Жылдын мыкты мугалими - 2026" шаардык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Билдирүүгөө караганда, сынактын жыйынтыгында 1, 2, 3-орун алган 52 мугалимге 60, 80 жана 100 миң сомдук сертификаттар берилди. Алдыңкы үч педагог өзгөчө сыйлыктарга ээ

Ишкер Media