Кыргызстандын паспорту дүйнөлүк рейтингде 75-орунга көтөрүлдү

Кыргызстандын паспорту дүйнөлүк рейтингде 75-орунга көтөрүлдү

Henley & Partners тарабынан түзүлгөн жаңыланган Henley Passport Index боюнча Кыргызстан 2026-жылы дүйнөдө 75-орунду ээледи. Бул тууралуу Economist.kg аталган компаниянын маалыматына таянып, жарыялады.

Рейтингге ылайык, Кыргызстандын жарандары азыр дүйнөнүн 59 өлкөсүнө алдын ала виза албай эле бара алышат же барган жеринен виза алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Кыргызстан бул көрсөткүч боюнча Өзбекстан менен бир катарда турат. Өзбекстандын жарандары үчүн да ушундай эле шарттар каралган. Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында эң жогорку көрсөткүчтү Казакстан ээлеп — 58-орун жана 78 багытка эркин кирүү мүмкүнчүлүгү берилген.

Ал эми Тажикстан 81-орунда жайгашып, анын жарандары 53 өлкөгө бара алышат. Түркмөнстан болсо 89-орунда болуп, 45 өлкөгө кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Белгилей кетсек, Кыргызстан 2025-жылга салыштырмалуу позициясын жакшыртып, 77-орундан 75-орунга көтөрүлгөн. Жалпысынан рейтингде 199 өлкөнүн паспорту жана 227 туристтик багыт камтылган.

Дүйнөлүк рейтингде биринчи орунду Сингапур ээледи. Анын жарандары 192 өлкөгө визасыз саякаттай алышат. Экинчи орунду Бириккен Араб Эмираттары, Япония жана Түштүк Корея бөлүшүп, 187 багытка эркин кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Ал эми тизмедеги мобилдүүлүк деңгээли эң төмөнкү өлкө катары Ооганстан, Сирия жана Ирак сыяктуу өлкөлөр толуктады.

Мындан тышкары окуңуз

Бүгүн президент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат

Бүгүн президент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат

Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедовдун чакыруусу боюнча Президент Садыр Жапаров 8-9-октябрда Түркмөнстанга иш сапар менен барат. Анын жүрүшүндө Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусунун сегизинчи жыйынына катышат. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, мындан сырткары КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги Кеңешинин жыйыны да болушу күтүлүүдө.

Ишкер Media
Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

7-октябрда Жогорку Кенеште депутаттар "Кыргыз Республикасынын оюн-зоок жана лотереялык ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады жана кабыл алыды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызаты жазып чыкты. Мыйзам долбоору туурадуу маалыматты Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова

Ишкер Media
Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

7-октябрда Бишкекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартиби боюнча кыргыз-британ консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу тышкы саясий ведомстволордун департамент жетекчилери деңгээлинде өтүп, тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана Коопсуздук Кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун

Ишкер Media
Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Калкты негизги азык-түлүк товарлары менен камсыз кылуу, соода түйүндөрүнүн ата мекендик өндүрүүчүлөр менен өз ара кызматташуусу, ошондой эле канттын, жумуртканын, сүт жана сүт азыктарынын бааларынын түзүлүшү тууралуу бүгүн талкууланды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, ата мекендик продукциянын жеткиликтүүлүгүнө карата көңүл бурулду. Аталган

Ишкер Media