Нарында текени мыйзамсыз аткан жаранга айып пул салынды

Нарында текени мыйзамсыз аткан жаранга айып пул салынды

Нарын районунун Туюк-Суу тилкесинде тоолорубуздун баа жеткис символу болгон текени мыйзамсыз улоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу Экотех көзөмөл кызматынын аймактык башкармалыгынын билдирди.

Маалыматка ылайык, Экотех көзөмөл кызматынын аймактык башкармалыгынын инспекторлору жана Нарын мамлекеттик коругунун кызматкерлери биргелешкен рейд учурунда браконьерлерди кылмыш үстүндө кармашты. Алардан курал-жарак жана союлган жаныбардын эти алынды.

Экосистемага келтирилген бул одоно зыян үчүн мыйзам бузуучуларга 300 000 сом өлчөмүндө доо коюлуп, чогултулган материалдар Нарын райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Мындай кылмыштар Кыргызстандын биологиялык ар түрдүүлүгүнө калыбына келгис зыян келтирет. Жапайы жаратылышты сактоо — ар бирибиздин милдетибиз, ал эми мыйзамды бузгандар катуу жоопкерчиликке тартыларын эстен чыгарбоо зарыл.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ош шаарынын күнүнө жана залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына карата өткөн төкмө акындардын республикалык айтышы жыйынтыкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 15тен ашык акын катышкан сынактын байге фонду 1 млн сомду түздү. Жеңүүчүлөр: • Баш байге (200 миң сом) - Нурсултан Абдикаримов • 1-орун (170 миң сом)

Ишкер Media
Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

5-октябрь - Ош шаарынын күнүнө карата шаарга Азербайжандын Гянджа, Кытайдын Шицзячжуан, Түркиянын Маниса, Өзбекстандын Андижан жана Наманган, ошондой эле Россиянын Ярославль, Ростов-на-Дону жана Иркутск шаарларынан делегациялар келди. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалымдалгандай, Мэр Жанарбек Акаев конокторду расмий кабыл алып, майрамга катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, шаарлар аралык достук

Ишкер Media
Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга 19 вагондон турган "Golden Eagle" эл аралык туристтик поезди №931/932 каттамы менен Бишкек-2 бекетине 73 туристти алып келди. Конокторду "Кыргыз темир жолу" ишканасы салтанаттуу тосуп алды. Бул тууралуу ататлган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, бекетте улуттук кол өнөрчүлөр жарманкеси уюштурулуп, комузчулар тобу чыгармаларды аткарды.

Ишкер Media
Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

3-октябрда Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанатта "Жылдын мыкты мугалими - 2026" шаардык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Билдирүүгөө караганда, сынактын жыйынтыгында 1, 2, 3-орун алган 52 мугалимге 60, 80 жана 100 миң сомдук сертификаттар берилди. Алдыңкы үч педагог өзгөчө сыйлыктарга ээ

Ишкер Media