Оштун Кызыл-Кыштак айылында 4 мектептин курулушу аяктайт

Оштун Кызыл-Кыштак айылында 4 мектептин курулушу аяктайт

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин эл менен жолугушуусу 14-майда “Кызыл-Кыштак” айылдык аймактык башкармалыгында өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында тургундар инфратсруктуралык багыттагы суроолорду басымдуу беришип, шаар башчысынан жеринде жооп алышты. Ошондой эле балдар ооруканасында жабдуулардын жетишсиздиги боюнча да суроо козголду. Шаар мэри Ош шаарында жакында жаңы балдар ооруканасы куруларын айтты.

Ошондой эле шаар тургундары билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдү, социалдык обьектилердин жетишсиздигин да козгошту. Жанарбек Акаев билим берүүгө өзгөчө көңүл бурулаарын, Кышыл-Кыштак аймагында быйыл 4 мектеп курулуп бүтөөрүн билдирди. 

Эске салсак, быйыл шаар боюнча 17 мектеп курулуп жатат. Анын ону Президенттин турукташтыруу фондунан каржыланган. 

Кызыл-Кыштак айыл аймактык башкармалыгы шаардын батыш бөлүгүндө жайгашып, 47 миңден ашуун калк жашайт. Ага Жаны-Турмуш, Андижан, Ишкаван, Кызыл-Байрак, Коммунист, Керме-Тоо айылдары кирет. 

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ош шаарынын күнүнө жана залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына карата өткөн төкмө акындардын республикалык айтышы жыйынтыкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 15тен ашык акын катышкан сынактын байге фонду 1 млн сомду түздү. Жеңүүчүлөр: • Баш байге (200 миң сом) - Нурсултан Абдикаримов • 1-орун (170 миң сом)

Ишкер Media
Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

5-октябрь - Ош шаарынын күнүнө карата шаарга Азербайжандын Гянджа, Кытайдын Шицзячжуан, Түркиянын Маниса, Өзбекстандын Андижан жана Наманган, ошондой эле Россиянын Ярославль, Ростов-на-Дону жана Иркутск шаарларынан делегациялар келди. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалымдалгандай, Мэр Жанарбек Акаев конокторду расмий кабыл алып, майрамга катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, шаарлар аралык достук

Ишкер Media
Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга 19 вагондон турган "Golden Eagle" эл аралык туристтик поезди №931/932 каттамы менен Бишкек-2 бекетине 73 туристти алып келди. Конокторду "Кыргыз темир жолу" ишканасы салтанаттуу тосуп алды. Бул тууралуу ататлган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, бекетте улуттук кол өнөрчүлөр жарманкеси уюштурулуп, комузчулар тобу чыгармаларды аткарды.

Ишкер Media
Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

3-октябрда Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанатта "Жылдын мыкты мугалими - 2026" шаардык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Билдирүүгөө караганда, сынактын жыйынтыгында 1, 2, 3-орун алган 52 мугалимге 60, 80 жана 100 миң сомдук сертификаттар берилди. Алдыңкы үч педагог өзгөчө сыйлыктарга ээ

Ишкер Media