Оштун Жапалак айылында бир катар объектилер ишке берилет

Оштун Жапалак айылында бир катар объектилер ишке берилет

14-майда Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев күндүн экинчи жарымында Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жолугушууда жергиликтүү тургундар тарабынан бир катар көйгөйлөр жана сунуштар айтылды. Атап айтканда, Мээркан айылындагы ички жолдорду асфальттоо, Көкүм-Бий көчөсүнүн кызыл сызыгын тактоо, Жапалак аймагынын жашыл аймактарын сактоо жана башкы планга байланышкан маселелер көтөрүлдү.

Мындан тышкары, жарандар таза суу, электр энергиясы, канализация тармактары боюнча көйгөйлөрдү айтып, көпчүлүгү жеке кайрылуулар менен да кайрылышты.
Шаар мэри көтөрүлгөн ар бир маселе тиешелүү кызматтар менен биргеликте этап-этабы менен чечилерин белгиледи. Ошондой эле ал учурда Жапалак аймагында үч мектептин, бир бала бакчанын жана үч кичи футбол аянтчасынын курулушу жүрүп жатканын маалымдады.
Мындан сырткары, жыл аягына чейин аймактагы бир катар айылдарда таза суу маселесин чечүү боюнча иштер бүткөрүлөрү айтылды.

Жолугушуунун жүрүшүндө шаар башчысы калктын жашоо шартын жакшыртуу, инфраструктураны өнүктүрүү жана социалдык объектилердин санын көбөйтүү багытындагы иштер мындан ары да уланарын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ош шаарынын күнүнө жана залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына карата өткөн төкмө акындардын республикалык айтышы жыйынтыкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 15тен ашык акын катышкан сынактын байге фонду 1 млн сомду түздү. Жеңүүчүлөр: • Баш байге (200 миң сом) - Нурсултан Абдикаримов • 1-орун (170 миң сом)

Ишкер Media
Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

5-октябрь - Ош шаарынын күнүнө карата шаарга Азербайжандын Гянджа, Кытайдын Шицзячжуан, Түркиянын Маниса, Өзбекстандын Андижан жана Наманган, ошондой эле Россиянын Ярославль, Ростов-на-Дону жана Иркутск шаарларынан делегациялар келди. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалымдалгандай, Мэр Жанарбек Акаев конокторду расмий кабыл алып, майрамга катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, шаарлар аралык достук

Ишкер Media
Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга 19 вагондон турган "Golden Eagle" эл аралык туристтик поезди №931/932 каттамы менен Бишкек-2 бекетине 73 туристти алып келди. Конокторду "Кыргыз темир жолу" ишканасы салтанаттуу тосуп алды. Бул тууралуу ататлган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, бекетте улуттук кол өнөрчүлөр жарманкеси уюштурулуп, комузчулар тобу чыгармаларды аткарды.

Ишкер Media
Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

3-октябрда Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанатта "Жылдын мыкты мугалими - 2026" шаардык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Билдирүүгөө караганда, сынактын жыйынтыгында 1, 2, 3-орун алган 52 мугалимге 60, 80 жана 100 миң сомдук сертификаттар берилди. Алдыңкы үч педагог өзгөчө сыйлыктарга ээ

Ишкер Media