ШКУнун жаштар санарип форумуна катышуучуларды кабыл алуу башталды

ШКУнун жаштар санарип форумуна катышуучуларды кабыл алуу башталды

4–5-июнь күндөрү Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун Жаштар санарип форуму болуп өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, форум жаштардын санариптик технологиялар, инновациялар жана эл аралык кызматташтык жаатындагы демилгелерин колдоого, тажрыйба алмашууга жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган. Башкы максаты - жаштардын потенциалын жогорку технологиялар аркылуу ишке ашыруу жана ШКУнун ичинде санариптик кызматташтыкты бекемдөөс  болуп саналат.

Учурда форумга катышуу үчүн документтерди кабыл алуу башталды. Каалоочулар анкетаны YDF.KG расмий сайты аркылуу толтура алышат. Анкеталарды кабыл алуу 2026-жылдын 28-май күнү саат 18:00гө чейин жүргүзүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Бүгүн президент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат

Бүгүн президент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат

Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедовдун чакыруусу боюнча Президент Садыр Жапаров 8-9-октябрда Түркмөнстанга иш сапар менен барат. Анын жүрүшүндө Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусунун сегизинчи жыйынына катышат. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, мындан сырткары КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги Кеңешинин жыйыны да болушу күтүлүүдө.

Ишкер Media
Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

7-октябрда Жогорку Кенеште депутаттар "Кыргыз Республикасынын оюн-зоок жана лотереялык ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады жана кабыл алыды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызаты жазып чыкты. Мыйзам долбоору туурадуу маалыматты Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова

Ишкер Media
Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

7-октябрда Бишкекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартиби боюнча кыргыз-британ консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу тышкы саясий ведомстволордун департамент жетекчилери деңгээлинде өтүп, тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана Коопсуздук Кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун

Ишкер Media
Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Калкты негизги азык-түлүк товарлары менен камсыз кылуу, соода түйүндөрүнүн ата мекендик өндүрүүчүлөр менен өз ара кызматташуусу, ошондой эле канттын, жумуртканын, сүт жана сүт азыктарынын бааларынын түзүлүшү тууралуу бүгүн талкууланды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, ата мекендик продукциянын жеткиликтүүлүгүнө карата көңүл бурулду. Аталган

Ишкер Media