Ысык-Көлдөн 2100 метр тор жана 760 кг таштанды чыгарылды

Ысык-Көлдөн 2100 метр тор жана 760 кг таштанды чыгарылды

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы менен биргеликте Ысык-Көлдү браконьерлик торлордон тазалоо иштерин улантууда. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы ырастады.

Маалыматка ылайык, 13-майда Президенттин №131 Жарлыгын аткаруунун алкагында жана браконьерликке каршы уюштурулган рейддин жүрүшүндө көлдүн түбүнөн 2100 метр эски кытайлык синтетикалык балык уулоочу тор чыгарылды.

Мындай торлор көлдүн экосистемасына өзгөчө коркунуч жаратат. Алар ташталып кеткенден кийин дагы балыктарды жана башка суу жаныбарларын жок кылууну улантып, көлдүн биологиялык тең салмагына олуттуу зыян келтирет. Мындан тышкары синтетикалык материалдар узак убакытка чейин чирибей, сууну булгап келет.
2026-жылдын башынан бери Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан көлдүн түбүнөн жалпысынан 23 100 метр синтетикалык тор жана 760 килограмм таштанды чыгарылды.

Учурда браконьерликке каршы күрөш жана Ысык-Көлдүн экологиялык коопсуздугун камсыздоо боюнча рейддик иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлүүдө. Текшерүүлөр көл жээгиндеги бардык райондордо улантылып жатат. 

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ош шаарынын күнүнө жана залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына карата өткөн төкмө акындардын республикалык айтышы жыйынтыкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 15тен ашык акын катышкан сынактын байге фонду 1 млн сомду түздү. Жеңүүчүлөр: • Баш байге (200 миң сом) - Нурсултан Абдикаримов • 1-орун (170 миң сом)

Ишкер Media
Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

5-октябрь - Ош шаарынын күнүнө карата шаарга Азербайжандын Гянджа, Кытайдын Шицзячжуан, Түркиянын Маниса, Өзбекстандын Андижан жана Наманган, ошондой эле Россиянын Ярославль, Ростов-на-Дону жана Иркутск шаарларынан делегациялар келди. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалымдалгандай, Мэр Жанарбек Акаев конокторду расмий кабыл алып, майрамга катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, шаарлар аралык достук

Ишкер Media
Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга 19 вагондон турган "Golden Eagle" эл аралык туристтик поезди №931/932 каттамы менен Бишкек-2 бекетине 73 туристти алып келди. Конокторду "Кыргыз темир жолу" ишканасы салтанаттуу тосуп алды. Бул тууралуу ататлган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, бекетте улуттук кол өнөрчүлөр жарманкеси уюштурулуп, комузчулар тобу чыгармаларды аткарды.

Ишкер Media
Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

3-октябрда Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанатта "Жылдын мыкты мугалими - 2026" шаардык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Билдирүүгөө караганда, сынактын жыйынтыгында 1, 2, 3-орун алган 52 мугалимге 60, 80 жана 100 миң сомдук сертификаттар берилди. Алдыңкы үч педагог өзгөчө сыйлыктарга ээ

Ишкер Media