Бишкек шаарынын мэри жергиликтүү тургундар менен жолугушуусун улантууда

Бишкек шаарынын мэри жергиликтүү тургундар менен жолугушуусун улантууда

Кезектеги жолугушуу кече К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде Ленин районунун тургундары менен өттү. Иш-чарага 350дөн ашык тургун катышып, алар менен баарлашуу 8 сааттан ашык убакытка созулду.

Мэриянын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тургундар жер  тилкелерин мыйзамдаштыруу, жолдорду куруу жана оңдоо, коомдук транспорт, канализация, кызыл сызыктар, башаламан соода, сейил бактарды жакшыртуу жана социалдык объектилерди куруу маселелерин көтөрүштү.

Айрыкча Фучик жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол өтмөгүн курууга өзгөчө көңүл бурулуп, муниципалитеттин өкүлдөрү ишти 2026-2027-жылдары бүтүрүү пландалып жатканын билдиришти.

Ошондой эле тургундарды Ош базары көчүрүлгөндөн кийинки келечеги эмне болоору да кызыктырды. Ага ылайык, Ленин районунун акими мурдагы базардын ордунда тургундар эс ала турган сейил бак аянты пландаштырылып жатканын билдирди.

Жолугушууда мэр шаардык кызматтардын жана бөлүмдөрдүн жетекчилерине тургундардын суроо-талаптарын көзөмөлдөөнү, келип түшкөн суроолорду тез арада карап чыгууну жана кечиктирбестен зарыл болгон жардамды көрсөтүүнү тапшырды.

Мындан сырткары тургундар бала бакчалардын иштөө убактысын кайра карап чыгып, аны кечки саат 19:00гө чейин узартуу мүмкүнчүлүгүн көтөрүштү. Бул сунуш кароого кабыл алынды.

Эске салсак, шаар башчысы бүгүн саат 16:00дө Ленин районунун тургундары менен дагы бир жолугушууну Фрунзе көчөсү, 547 дарегинде Жусуп Баласагын атындагы КУУде өткөрөт.

Мындан тышкары окуңуз

Ак-Ордо конушунда бала бакча жана сейил бактар курулат

Ак-Ордо конушунда бала бакча жана сейил бактар курулат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов менен биргеликте Ак-Ордо конушунун тургундары менен жолугушту. Калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Аристократ көчөсү менен Калыгул Бай уулу көчөсүнүн кесилишиндеги 1,2 гектар жер тилкесине жакын арада бала бакча жана балдар ойноочу аянтча куруу боюнча тиешелүү

Сулайман-Тоо музей комплекси жаңыланат

Сулайман-Тоо музей комплекси жаңыланат

Ош шаарында “Сулайман-Тоо музей комплексин жаңылоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизүүчү таасирге баа берүү боюнча коомдук угуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдирди. Маалыматка ылайык, коомдук угуу “Сулайман-Тоо музей комплексин жаңылоо” долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизе турган таасирлерди талкуулоо максатын көздөдү. Жыйында

Жыргалаңдагы эки асма жол ишке киргизилди

Жыргалаңдагы эки асма жол ишке киргизилди

Президент Садыр Жапаров 2-июлда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы мамлекеттик бардык сезондогу “Ала-Тоо Резорт” тоо кластеринин алкагында асма жолдорду техникалык ишке киргизүүнү баштап берди. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн маалыматына ылайык, мамлекет башчысы келечектеги бийик тоолуу эс алуу жайдын инфраструктурасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Долбоордун өкүлдөрү билдиргендей,

“Кыргызнефтегазда” дээрлик 967 млн сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуу аныкталды

“Кыргызнефтегазда” дээрлик 967 млн сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуу аныкталды

Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйынында өлкөнүн стратегиялык маанидеги ири ишканаларынын бири болгон “Кыргызнефтегаз” ААКсынын 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы каралды. Аудиттин жыйынтыгында ишканада 967 млн 824,3 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар жана олуттуу кемчиликтер аныкталган. Бул каражаттын ичинен 135 миллион 888,7 миң сому мамлекетке милдеттүү түрдө