Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болушу күтүлөт

Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болушу күтүлөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги катуу шамалга байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. 

Маалыматка ылайык, жакынкы үч саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен каттуу шамал катталышы күтүлөт. 

ӨКМ жарандарды жолдордо этият болууга жана мүмкүн болсо үйдөн чыкпай турууга чакырат.


Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан
окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек менен Новосибирск биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулады

Бишкек менен Новосибирск биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулады

Күн мурун Бишкек шаарынын мэриясында Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев менен Новосибирск облусунун Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасынын орун басары Майис Мамедовдун жолугушуусу өттү. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын кеңири багыттарын талкуулашты. Атап айтканда, шаардык инфраструктураны өнүктүрүү, курулуш жана өнөр жай тармактары, транспорт жана

Мыйзамсыз менчиктештирилген 32 млн сомдук мүлк мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз менчиктештирилген 32 млн сомдук мүлк мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз менчиктештирилген 32 млн сомдук мүлк мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, 1993-1997-жылдары мамлекеттик менчикте турган спорт комплекстин аймагындагы сүзүү бассейнине тиешелүү 174,6 чарчы метрди түзгөн көмөкчү жайлар мыйзамсыз түрдө жеке жактарга өтүп кеткендиги аныкталган.

"Ак-Өргөдө" муниципалдык аймакты бошотуу иштери уланууда

"Ак-Өргөдө" муниципалдык аймакты бошотуу иштери уланууда

16-майда Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан "Ак-Өргө" конушундагы Б. Алыкулов көчөсүндө муниципалдык аймакты бошотуу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Демонтаж иштеринин жүрүшүндө төмөнкүлөр алынган: •даараткана — 7 даана (50 чарчы метр); •капиталдык курулуштан тосмо — 60 м; •жеңил конструкциядагы тосмолор — 40 м; •тор тосмолор — 250 м;

Өлкө боюнча 86%1 жазгы талаа иштери аткарылды

Өлкө боюнча 86%1 жазгы талаа иштери аткарылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан 2026-жылдын 18-майына карата жазгы-талаа иштеринин жүрүшүнө мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө республика боюнча жазгы айдоо иштери 703,9 миң гектар аянтта аткарылып, бул пландын 86,1 пайызын түздү. Жалпы жаздык