Code 95 сертификатын алуу боюнча окутууга расмий кабыл алуу башталды

Code 95 сертификатын алуу боюнча окутууга расмий кабыл алуу башталды

19-майда “TVG Group” эл аралык транспорт компаниясынын директору Ситавичюс Альбертас менен жолугушуу болуп, Кыргызстандын жарандарын европалык стандарт боюнча окутуу жана аларды Европа өлкөлөрүндө жумуш менен камсыз кылуу маселелерин талкууланды. Бул тууралуу Президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев өзүнүн фейсбук баракчасына жазды.

Окутуу программасы Кыргызстанда өткөрүлүп, эл аралык европалык стандарттардын негизинде жүргүзүлөт. Бул жарандарга Европа өлкөлөрүнө баргандан кийин кошумча окуудан өтпөстөн сертификат алып эле ишмердүүлүгүн баштоого мүмкүнчүлүк түзөт.

Ситавичюс Альбертастын айтымында, бүгүнкү күндө алардын компаниясына эле 1000ден ашык оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары талап кылынат. Европада мындай адистердин айлык маянасы 2500 евродон жогору.

Негизги максатыбыз – жарандарды сапаттуу окутуу менен катар аларды туруктуу жумуш мүмкүнчүлүктөрү менен камсыз кылуу.

Кабыл алуу боюнча кеңири маалыматты төмөндөгү номер аркылуу алсаңыздар болот:

+996 555 793 555

 

 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте "ESG Бизнес-лидер" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "ESG Бизнес-лидер" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "ESG Бизнес-лидер" улуттук сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү. Иш-чарага Жаратылыш ресурстары министри Акыл Токтобаев катышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, сынак экологиялык, социалдык жана корпоративдик жоопкерчилик принциптерин илгерилетүүгө жана туруктуу өнүгүү ыкмаларын киргизген компанияларды колдоого багытталган. Жеңүүчүлөр экологиялык жоопкерчилик, ресурстарды үнөмдөө, энергиянын

Ишкер Media
Ошто Кыргызстан тарыхында алгачкы жолу TURKSEN 3 эл аралык бокс турнири өттү

Ошто Кыргызстан тарыхында алгачкы жолу TURKSEN 3 эл аралык бокс турнири өттү

3-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата Кыргызстанда алгачкы жолу TURKSEN 3 эл аралык бокс турнири жана Ош шаарынын мэринин кубогу үчүн мелдеш өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, турнирдин ардактуу коногу легендарлуу бокс чебери Рой Джонс болду. Ачылыш аземде мэр Жанарбек Акаев мындай ири спорттук иш-

Ишкер Media
Финансы министрлиги - Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы менен  кызматташтыкты кеңейтүүдө

Финансы министрлиги - Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы менен кызматташтыкты кеңейтүүдө

КРнын Финансы министри Руслан Суйналиев Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын (АИИБ) президенти Цзоу Цзяи менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечегин жана Банктын Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу демилгелерди ишке ашырууга катышуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Негизги көңүл инфраструктураны, энергетиканы, шаардык чөйрөнү, суу чарбасын, транспортту, турак жай курулушун жана саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө узак

Ишкер Media
Ошто жаан-чачындагы таза суу тартыштыгы чечилет

Ошто жаан-чачындагы таза суу тартыштыгы чечилет

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев "Ош шаарындагы жаңы суу алуучу курулма" долбоорунун алкагында курулушу аяктаган объектинин 1-линиясын расмий ишке киргизди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, шаар башчысы Данги тилкесиндеги курулманын сапатын жеринен текшерип, адистерден 2-этаптын пландары тууралуу маалымат алды. Долбоор нөшөрлүү жаан учурунда Ак-Буура

Ишкер Media