Эмгек инспекторлору 3,2 млн сомдон ашык эмгек акыны кайтарып берди

Эмгек инспекторлору 3,2 млн сомдон ашык эмгек акыны кайтарып берди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматы тарабынан 2026-жылдын I кварталында эмгек мыйзамдарынын талаптарын сактоо жана жарандардын эмгек укуктарын коргоо боюнча иштер улантылды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, отчеттук мезгил ичинде эмгек инспекторлору тарабынан 289 текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 500 мыйзам бузуу аныкталды. Аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча 105 эскертме жазуу берилди.

Өзгөчө көңүл эмгек акыны өз убагында төлөө, эмгекти коргоо талаптарын сактоо жана эмгек мамилелерин мыйзамдуу тариздөө маселелерине бурулду. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында кызматкерлерге кармалып калган 3 млн 245 миң сомдон ашык эмгек акы төлөтүлдү.

2026-жылдын I кварталында өндүрүштөгү 33 кырсык иликтенип, мыйзам бузуулар үчүн жалпы суммасы 1 млн 899 миң сом айып пул салынды.
Кызматка жарандардан 646 кайрылуу келип түшүп, алардын ар бири боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлдү. Ошондой эле жарандарга жана иш берүүчүлөргө эмгек мыйзамдарын колдонуу боюнча 1642 оозеки консультация берилди.

2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эмгек мыйзамдарын бузуу фактыларынын жана өндүрүштөгү кырсыктардын саны азайганы байкалууда. Бул жүргүзүлүп жаткан түшүндүрүү жана алдын алуу иштеринин натыйжалуулугун көрсөтөт.

Кызмат тарабынан эмгек мыйзамдарын сактоону камсыз кылуу, эмгекти коргоо талаптарын күчөтүү жана жарандардын эмгек укуктарын коргоо боюнча иштер мындан ары да улантылат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте "ESG Бизнес-лидер" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "ESG Бизнес-лидер" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "ESG Бизнес-лидер" улуттук сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү. Иш-чарага Жаратылыш ресурстары министри Акыл Токтобаев катышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, сынак экологиялык, социалдык жана корпоративдик жоопкерчилик принциптерин илгерилетүүгө жана туруктуу өнүгүү ыкмаларын киргизген компанияларды колдоого багытталган. Жеңүүчүлөр экологиялык жоопкерчилик, ресурстарды үнөмдөө, энергиянын

Ишкер Media
Ошто Кыргызстан тарыхында алгачкы жолу TURKSEN 3 эл аралык бокс турнири өттү

Ошто Кыргызстан тарыхында алгачкы жолу TURKSEN 3 эл аралык бокс турнири өттү

3-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата Кыргызстанда алгачкы жолу TURKSEN 3 эл аралык бокс турнири жана Ош шаарынын мэринин кубогу үчүн мелдеш өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, турнирдин ардактуу коногу легендарлуу бокс чебери Рой Джонс болду. Ачылыш аземде мэр Жанарбек Акаев мындай ири спорттук иш-

Ишкер Media
Финансы министрлиги - Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы менен  кызматташтыкты кеңейтүүдө

Финансы министрлиги - Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы менен кызматташтыкты кеңейтүүдө

КРнын Финансы министри Руслан Суйналиев Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын (АИИБ) президенти Цзоу Цзяи менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечегин жана Банктын Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу демилгелерди ишке ашырууга катышуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Негизги көңүл инфраструктураны, энергетиканы, шаардык чөйрөнү, суу чарбасын, транспортту, турак жай курулушун жана саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө узак

Ишкер Media
Ошто жаан-чачындагы таза суу тартыштыгы чечилет

Ошто жаан-чачындагы таза суу тартыштыгы чечилет

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев "Ош шаарындагы жаңы суу алуучу курулма" долбоорунун алкагында курулушу аяктаган объектинин 1-линиясын расмий ишке киргизди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, шаар башчысы Данги тилкесиндеги курулманын сапатын жеринен текшерип, адистерден 2-этаптын пландары тууралуу маалымат алды. Долбоор нөшөрлүү жаан учурунда Ак-Буура

Ишкер Media