Кара-Сууда автоматтык метеостанция ишке киргизилди

Кара-Сууда автоматтык метеостанция ишке киргизилди

19-майда БУУӨП жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ош облусунун Кара-Суу районунун Өзгүр айылында жаңы автоматтык метеостанцияны ишке киргизди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жаңы станция Ош, Баткен өрөөнүндөгү бешинчи объект болуп, суу ташкыны жана сел коркунучтарына каршы эрте эскертүү системасын кеңейтүүгө жардам берет. Бул система бүгүнкү күндө 150 миңден ашуун адамдын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.

Буга чейин мындай метеостанциялар Барпы, Майдан, Жаңы-Ноокат жана Орозбеков айылдарында орнотулган. Ошондой эле Ысык-Көл облусунда дагы эки автоматтык станция ишке киргизилип, климаттык тобокелдиктерди азайтууга жана табигый кырсыктардын кесепеттерин алдын алууга көмөк көрсөтүүдө.

Ак-Буура дарыясы Ош шаары жана ага жакын жайгашкан жамааттар үчүн чоң мааниге ээ. Ошол эле учурда акыркы жылдары аба ырайынын кескин өзгөрүшү, сел жана суу ташкындары бул аймакта туруктуу даярдык канчалык маанилүү экенин көрсөттү. Мындай шартта эрте эскертүү системалары жөн гана техникалык чечим эмес – бул адамдардын өмүрүн, үйлөрдү, жолдорду, социалдык объекттерди жана маанилүү инфраструктураны коргоонун маанилүү бөлүгү.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте "ESG Бизнес-лидер" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "ESG Бизнес-лидер" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "ESG Бизнес-лидер" улуттук сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү. Иш-чарага Жаратылыш ресурстары министри Акыл Токтобаев катышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, сынак экологиялык, социалдык жана корпоративдик жоопкерчилик принциптерин илгерилетүүгө жана туруктуу өнүгүү ыкмаларын киргизген компанияларды колдоого багытталган. Жеңүүчүлөр экологиялык жоопкерчилик, ресурстарды үнөмдөө, энергиянын

Ишкер Media
Ошто Кыргызстан тарыхында алгачкы жолу TURKSEN 3 эл аралык бокс турнири өттү

Ошто Кыргызстан тарыхында алгачкы жолу TURKSEN 3 эл аралык бокс турнири өттү

3-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата Кыргызстанда алгачкы жолу TURKSEN 3 эл аралык бокс турнири жана Ош шаарынын мэринин кубогу үчүн мелдеш өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, турнирдин ардактуу коногу легендарлуу бокс чебери Рой Джонс болду. Ачылыш аземде мэр Жанарбек Акаев мындай ири спорттук иш-

Ишкер Media
Финансы министрлиги - Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы менен  кызматташтыкты кеңейтүүдө

Финансы министрлиги - Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы менен кызматташтыкты кеңейтүүдө

КРнын Финансы министри Руслан Суйналиев Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын (АИИБ) президенти Цзоу Цзяи менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечегин жана Банктын Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу демилгелерди ишке ашырууга катышуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Негизги көңүл инфраструктураны, энергетиканы, шаардык чөйрөнү, суу чарбасын, транспортту, турак жай курулушун жана саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө узак

Ишкер Media
Ошто жаан-чачындагы таза суу тартыштыгы чечилет

Ошто жаан-чачындагы таза суу тартыштыгы чечилет

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев "Ош шаарындагы жаңы суу алуучу курулма" долбоорунун алкагында курулушу аяктаган объектинин 1-линиясын расмий ишке киргизди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, шаар башчысы Данги тилкесиндеги курулманын сапатын жеринен текшерип, адистерден 2-этаптын пландары тууралуу маалымат алды. Долбоор нөшөрлүү жаан учурунда Ак-Буура

Ишкер Media