Ошто муниципалдык жерлер аукционго коюлат

Ошто муниципалдык жерлер аукционго коюлат

Ош шаарынын мэриясы шаардагы бир катар муниципалдык жер тилкелерин убактылуу ижарага берүү боюнча аукцион жарыялады. Бул тууралуу аталган мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жерлер бир жылдык мөөнөткө соода павильондорун, кичи базарларды, унаа токтотуучу жайларды жана башка коммерциялык объекттерди уюштуруу үчүн берилет.

Аукционго “Керме-Тоо”, “Жибек-Жолу”, “Сулайман-Тоо” жана “Төлөйкөн” аймактарындагы жер тилкелери чыгарылган.

Эң кымбат лот “Керме-Тоо” аймагындагы Көкүм-Бий тилкесинде жайгашкан 8 миң чарчы метрден ашык жер болуп, анын баштапкы баасы 10,9 млн сомду түзөт.

Мындан тышкары, кичи-базар, автоунаа токтотуучу жай жана жеңил соода объекттери үчүн дагы бир нече жер тилкелери сунушталган. Эң арзан лоттун баштапкы баасы 2 миң 730 сом деп белгиленди.

Аукционго катышуу үчүн жарандар тиешелүү документтерди тапшырып, кепилдик төлөм төлөшү керек. Арыздар Ош мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгында кабыл алынат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте "ESG Бизнес-лидер" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "ESG Бизнес-лидер" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "ESG Бизнес-лидер" улуттук сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү. Иш-чарага Жаратылыш ресурстары министри Акыл Токтобаев катышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, сынак экологиялык, социалдык жана корпоративдик жоопкерчилик принциптерин илгерилетүүгө жана туруктуу өнүгүү ыкмаларын киргизген компанияларды колдоого багытталган. Жеңүүчүлөр экологиялык жоопкерчилик, ресурстарды үнөмдөө, энергиянын

Ишкер Media
Ошто Кыргызстан тарыхында алгачкы жолу TURKSEN 3 эл аралык бокс турнири өттү

Ошто Кыргызстан тарыхында алгачкы жолу TURKSEN 3 эл аралык бокс турнири өттү

3-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата Кыргызстанда алгачкы жолу TURKSEN 3 эл аралык бокс турнири жана Ош шаарынын мэринин кубогу үчүн мелдеш өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, турнирдин ардактуу коногу легендарлуу бокс чебери Рой Джонс болду. Ачылыш аземде мэр Жанарбек Акаев мындай ири спорттук иш-

Ишкер Media
Финансы министрлиги - Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы менен  кызматташтыкты кеңейтүүдө

Финансы министрлиги - Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы менен кызматташтыкты кеңейтүүдө

КРнын Финансы министри Руслан Суйналиев Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын (АИИБ) президенти Цзоу Цзяи менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечегин жана Банктын Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу демилгелерди ишке ашырууга катышуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Негизги көңүл инфраструктураны, энергетиканы, шаардык чөйрөнү, суу чарбасын, транспортту, турак жай курулушун жана саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө узак

Ишкер Media
Ошто жаан-чачындагы таза суу тартыштыгы чечилет

Ошто жаан-чачындагы таза суу тартыштыгы чечилет

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев "Ош шаарындагы жаңы суу алуучу курулма" долбоорунун алкагында курулушу аяктаган объектинин 1-линиясын расмий ишке киргизди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, шаар башчысы Данги тилкесиндеги курулманын сапатын жеринен текшерип, адистерден 2-этаптын пландары тууралуу маалымат алды. Долбоор нөшөрлүү жаан учурунда Ак-Буура

Ишкер Media