Жыргалаң курортуна лыжа трассаларын куруу пландалууда

Жыргалаң курортуна лыжа трассаларын куруу пландалууда

“Ала-Тоо Резорт”  ААКсы Россиянын “Инжзащита” илимий-изилдөө долбоорлоо институту” ЖЧКсы менен Жыргалаңдагы курорттун лыжа трассаларын куруу үчүн долбоордук документацияны иштеп чыгуу боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу  “Ала Тоо Резорт” ААКтан билдирди.

Маалыматка ылайык, келишимдин алкагында компания лыжа трассаларын, ошондой эле курорттун туристтик, инженердик жана эксплуатациялык инфраструктурасын куруу үчүн долбоордук-сметалык документацияны иштеп чыгат.

Мындан тышкары, подрядчы долбоорду ишке ашыруу учурунда автордук көзөмөл жүргүзөт.

Долбоорлоо иштери эл аралык коопсуздук стандарттарын, заманбап инженердик чечимдерди жана дүйнөлүк деңгээлдеги лыжа инфраструктурасына коюлган талаптарды эске алуу менен жүргүзүлөт.
“Инжзащита” илимий-изилдөө долбоорлоо институту” ЖЧКсы — ири лыжа жана инфраструктуралык объекттерде тажрыйбасы бар адистешкен долбоорлоо компаниясы.

Компания белгилүү тоо-лыжа курортторундагы объектилерди долбоорлоого жана инженердик коргоо иштерине катышкан. Алардын катарында Сочидеги “Красная Поляна” тоо-эс алуу курорту жана 2014-жылкы Кышкы Олимпиада оюндары өткөн “Роза Хутор”, Алтайдагы “Манжерок” курорту, ошондой эле Россиядагы бир катар туристтик жана тоо инфраструктуралык объектилер бар.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте "ESG Бизнес-лидер" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "ESG Бизнес-лидер" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "ESG Бизнес-лидер" улуттук сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү. Иш-чарага Жаратылыш ресурстары министри Акыл Токтобаев катышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, сынак экологиялык, социалдык жана корпоративдик жоопкерчилик принциптерин илгерилетүүгө жана туруктуу өнүгүү ыкмаларын киргизген компанияларды колдоого багытталган. Жеңүүчүлөр экологиялык жоопкерчилик, ресурстарды үнөмдөө, энергиянын

Ишкер Media
Ошто Кыргызстан тарыхында алгачкы жолу TURKSEN 3 эл аралык бокс турнири өттү

Ошто Кыргызстан тарыхында алгачкы жолу TURKSEN 3 эл аралык бокс турнири өттү

3-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата Кыргызстанда алгачкы жолу TURKSEN 3 эл аралык бокс турнири жана Ош шаарынын мэринин кубогу үчүн мелдеш өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, турнирдин ардактуу коногу легендарлуу бокс чебери Рой Джонс болду. Ачылыш аземде мэр Жанарбек Акаев мындай ири спорттук иш-

Ишкер Media
Финансы министрлиги - Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы менен  кызматташтыкты кеңейтүүдө

Финансы министрлиги - Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы менен кызматташтыкты кеңейтүүдө

КРнын Финансы министри Руслан Суйналиев Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын (АИИБ) президенти Цзоу Цзяи менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечегин жана Банктын Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу демилгелерди ишке ашырууга катышуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Негизги көңүл инфраструктураны, энергетиканы, шаардык чөйрөнү, суу чарбасын, транспортту, турак жай курулушун жана саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө узак

Ишкер Media
Ошто жаан-чачындагы таза суу тартыштыгы чечилет

Ошто жаан-чачындагы таза суу тартыштыгы чечилет

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев "Ош шаарындагы жаңы суу алуучу курулма" долбоорунун алкагында курулушу аяктаган объектинин 1-линиясын расмий ишке киргизди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, шаар башчысы Данги тилкесиндеги курулманын сапатын жеринен текшерип, адистерден 2-этаптын пландары тууралуу маалымат алды. Долбоор нөшөрлүү жаан учурунда Ак-Буура

Ишкер Media