Ак-Талаанын Чолок-Кайың айылына 205 млн сомдон ашык суммага таза суу тартылууда

Ак-Талаанын Чолок-Кайың айылына 205 млн сомдон ашык суммага таза суу тартылууда

Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагына караштуу Чолок-Кайың айылында жалпы наркы 205 миллион 453 миң сомго таза суу тартуу иштери башталды. Бул тууралуу Нарын облустук өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Чолок-Кайың айлында 2012-жылы суу топтоочу жай курулган. Бирок, калктын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу суу тартыштыгы жаралган.

Мындан улам, республикалык бюджеттен каражат бөлүнүп, капиталдык курулуш башкармалыгы менен “Мух-Бол Асман” жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда 2025-жылы келишим түзүлүп, таза суунун курулуш иштери башталды. Курулуш иштери 2027-жылы бүткөрүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Скульптура өнөрүн ийгиликтүү ишкерликке айланткан – Айдарбек Айткулов

Скульптура өнөрүн ийгиликтүү ишкерликке айланткан – Айдарбек Айткулов

Чыгармачылык өнөрүн ийгиликтүү ишкерликке айландырган Айдарбек Айткулов бүгүн командасы менен Кыргызстандагы ири скульптуралык жана декоративдик долбоорлорду ишке ашырып келет. Ал үчүн ар бир буйрутма жөн гана жумуш эмес, өзүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк. Ошондуктан ар бир долбоорду сапатка өзгөчө көңүл буруп, майда-баратына чейин кылдат аткарууга аракет кылат. Каарманыбыз “Ишкер” Медиага берген

Мамлекеттик иш сапарларга байланыштуу Ысык-Көлдө жол кыймылына чектөө киргизилет

Мамлекеттик иш сапарларга байланыштуу Ысык-Көлдө жол кыймылына чектөө киргизилет

30-июлдан 1-августка чейин “Тамчы” эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки жол маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчсы Аскат Алагөзов билдирди. Маалыматка ылайык, бул күндөрү Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиёевдин жана Азербайжандын президенти Ильхом Алиевдин мамлекеттик сапар менен келиши күтүлүүдө.  Мындан сырткары, бир катар

Радиотерапиялык жабдууларды тейлөөгө 18 миллион сом бөлүнөт

Радиотерапиялык жабдууларды тейлөөгө 18 миллион сом бөлүнөт

27-июлда Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Индиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бирендер Сингх Ядав менен биргеликте Улуттук онкология жана гематология борборуна барып, анда “Бабатрон” аралыктан нур менен дарылоо аппараты үчүн жаңы Кобальт-60 радиоактивдүү булагын расмий тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. Маалыматка караганда,

Учактагы орундардын санынан ашык авиабилет сатууга тыюу салынат

Учактагы орундардын санынан ашык авиабилет сатууга тыюу салынат

Авиакомпанияларга борттогу орундардын санынан ашык авиабилет сатууга тыюу салынат. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул чечим жүргүнчүлөрдүн укуктарын коргоо, авиациялык тейлөөнүн сапатын жогорулатуу жана тастыкталган авиабилети бар жүргүнчүлөрдү ташуудан негизсиз баш тартуу учурларын болтурбоо максатында кабыл алынды. Буга байланыштуу “Кыргызстан аэропорттору” ААК Кыргызстандын аэропорттору аркылуу каттамдарды аткарган