Кант шаарында опузалап акча талап кылган жактоочу кармалды

Кант шаарында опузалап акча талап кылган жактоочу кармалды

Кант шаарында опузалап акча талап кылган жактоочу кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, атайын кызмат тарабынан 19-майда коррупциялык схемаларды жоюу иштеринин, ошондой эле Кылмыш-жаза кодексинин "Опузалап талап кылуу" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында С.Р.Т. аттуу жактоочу кармалган.

Кылмышка шектүү С.Р.Т. коркутуу жана шантаж жолу менен А.М.М. дан ага карата берилген доо арыздарды кайтарып алуу үчүн ири өлчөмдө акча опузалаганы аныкталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында кармалган С.Р.Т. УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда бул фактынын негизинде тергөө амалдары улантылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Алайдын Нура айылына заманбап логистикалык борбор курулат

Алайдын Нура айылына заманбап логистикалык борбор курулат

Ош облусунун Алай районундагы Нура айылында Кыргызстандын энергетика жана логистика тармагындагы ири стратегиялык долбоордун башталышына арналган мезгил кутусун салуу аземи болду.   Маалыматка ылайык, иш-чарага Энергетика министринин орун басары Салават Садыракунов жеринде катышып, долбоордун ишке киришине расмий старт берди. Бул демилге өлкөнүн экспорттук жана логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган эң ири инфраструктуралык

Бишкек – “Манас” аэропорту жолунда заманбап транспорттук түйүн курулуп жатат

Бишкек – “Манас” аэропорту жолунда заманбап транспорттук түйүн курулуп жатат

Бишкек — эл аралык “Манас” аэропорту унаа жолунун 11+800-чакырымында заманбап транспорттук түйүн жана жалпы узундугу 8,74 чакырымды түзгөн кире бериш жолдордун курулушу уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, учурда 5 миң 800 метр аралыкта жолдун борбордук огун белгилөө иштери толугу менен аяктады. Мындан

Ош шаарынын башкы планы боюнча талкуу болду

Ош шаарынын башкы планы боюнча талкуу болду

19-майда Ош шаардык мэриясынын имаратында Ош шаарынын 2050-жылга чейинки башкы планын талкуулоо боюнча алгачкы жыйын өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары Шумкарбек Пайзиев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, Курулуш министрлигинин өкүлдөрү, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.  Комиссиянын отурумунда комиссия түзүү

Адылбек Касымалиев Министрлер Кабинетинин сыйлыктарын тапшырды

Адылбек Касымалиев Министрлер Кабинетинин сыйлыктарын тапшырды

Бүгүн КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Министрлер Кабинетинин кесиптик ишиндеги жетишкендиктери үчүн бир катар тармактын кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды. МинКабдын басма сөз кызматынын маалыматына караганда,  Адылбек Касымалиев КРнын социалдык-экономикалык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги жетишкендиктери үчүн, бир катар тармактын кызматкерлерине Министрлер Кабинетинин Ардак грамоталарын, Министрлер Кабинетинин