Кыргыз-өзбек чек арасындагы 3 өткөрүү пункту күнү-түнү иштей баштады
20-майдан тартып Баткен облусундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан үч өткөрүү пункту күнү-түнү иштей баштады. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, төмөнкү өткөрүү пункттары үзгүлтүксүз иштөө режимине өттү:
“Кадамжай – автожол”;
“Чечме – автожол”;
“Ак-Кыя – автожол”.
“Өткөрүү пункттарынын иш тартибин өзгөртүү жайкы туристтик сезон учурунда чек арадан өтүп жаткан жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатын көздөйт. Мындай режим үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына чейин күчүндө болот», - деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, аталган өткөрүү пункттарынан бир гана Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандары өтө алышат.