Чубак ажы Жалиловго "Эл Баатыры" наамы ыйгарылды

Чубак ажы Жалиловго "Эл Баатыры" наамы ыйгарылды

Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын экс-муфтийи Жалилов Чубак Тажибаевичке "Ак Шумкар" өзгөчө белгисин тапшыруу менен "Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды (каза болгондон кийин).

Мамлекеттик сыйлык Чубак ажы Жалиловдун диний билим берүүнү жана руханий агартууну өнүктүрүүгө, моралдык-адеп-ахлактык баалуулуктарды калыптандырууга, ошондой эле элдин маданий-диний салттарын сактоого кошкон өзгөчө салымы үчүн берилди.

Чубак ажы Жалилов кыргыз коомчулугунда диний агартуу тармагындагы ишмердиги, элге айткан насааттары жана руханий баалуулуктарды жайылтуудагы эмгеги менен кеңири таанылган.

Мындан тышкары окуңуз

Сүлүктүдө 120 млн сомдук "Белес резорт" туристтик комплекси курулуп жатат

Сүлүктүдө 120 млн сомдук "Белес резорт" туристтик комплекси курулуп жатат

Сүлүктү шаарында “Белес резорт” аталышындагы ири туристтик комплекс курулуп жатат. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоор бюджеттик каражаттын эсебинен каржыланып, курулуш иштерине 120 млн сом бөлүнгөн. Туристтик комплекстин ачылышы 2026-жылдын жай айларына пландалууда. Аталган объект Сүлүктү шаары жана Лейлек району аймагындагы эң ири эс алуу жайларынын бири болмокчу.

Жол эрежелердин бузулганы тууралуу маалыматтар “Түндүк” тиркемеси аркылуу жиберилет

Жол эрежелердин бузулганы тууралуу маалыматтар “Түндүк” тиркемеси аркылуу жиберилет

Үстүбүздөгү жылдын 23-майынан тартып Кыргызстанда жол эрежесин бузууга байланыштуу токтомдор жарандарга “Түндүк” мобилдик тиркемеси жана мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы аркылуу электрондук форматта жеткириле баштайт. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, жаңы тартип “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында ишке ашырылууда. Анын негизги шарттары: Жаран тиркемеден токтомду ачып, “Тааныштым” же “Таанышкан

Кыргызстан менен Россия баңгизат кылмыштарына каршы кызматташууну күчөтүүнү талкуулашты

Кыргызстан менен Россия баңгизат кылмыштарына каршы кызматташууну күчөтүүнү талкуулашты

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин министринин орун басары Нурбек Абдиев Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Иван Горбунов менен жолугушуу өткөрдү. ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын жана алардын прекурсорлорунун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү жаатындагы эки тараптуу кызматташтык маселелери

Бишкекте кыргыз-түрк бизнес форумуна байланыштуу жолугушуу өттү

Бишкекте кыргыз-түрк бизнес форумуна байланыштуу жолугушуу өттү

Күн мурун Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Султан Ахматов Түркия Республикасынын Низип муниципалитетинин башчысы Али Доган жетектеген делегация менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2026-жылдын 30-августунда өтө турган кыргыз-түрк бизнес форумуна даярдык көрүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда түз байланыштарды өнүктүрүү жана