Президенттик шайлоо: Бакытбек Адылов талапкерлигин көрсөттү
Бүгүн Бакытбек Адылов президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды.
БШКнын маалыматына караганда, ал өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөттү.
Адылов 2011-2012-жылдары Жалал-Абад шаарынын мэри, 2015-2016-жылдары Өкмөткө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы болуп эмгектенген. 2020-жылы өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынын тизмесинде талапкер катары катышкан.
Президенттик шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Бүгүнкүгө карата президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтүү боюнча жалпы 8 жарандан арыз келип түштү.
Алар: Аймен Касенов, Азамат Эсенбеков, Сыймык Жапыкеев, Акай Кадыров, Исхак Масалиев, Садыр Жапаров, Бактыбек Калмаматов жана Бакытбек Адылов.
Белгилей кетсек, өлкөдө президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт. Учурда өздөрүн талапкерликке көрсөткөндөрдү колдоо этабы "Түндүк" тиркемеси аркылуу жүрүүдө.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу