Бишкектеги ыш кайдан чыгат жана аны кантип азайтууга болот?
Жыл сайын күз-кыш мезгили келгенде Бишкек шаарын ыш каптап, абанын булганышы шаар тургундарын түйшөлткөн көйгөйлөрдүн бирине айланат. Шаарды каптаган ыштын негизги себептери эмнеде? Абанын булганышына көмүрдүн сапаты канчалык таасир этет? Автоунаалардан чыккан түтүн канчалык зыян алып келет жана бул көйгөйдү чечүү үчүн кандай чаралар көрүлүүдө?
Ушул суроолорго жооп алуу максатында "Ишкер Медиа" Жаратылыш ресурстары министрлигинин жана ага караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери менен биргеликте абанын сапатын текшерүү жана булгануунун алдын алуу боюнча рейдге чыкты.


Көмүрдүн сапаты лабораторияда текшерилет
Рейддин алкагында көмүрдүн сапатын аныктоо үчүн кампадагы үйүлгөн көмүрдүн онго жакын жеринен үлгүлөр алынды.
Экологиялык мониторинг департаментинин үлгү алууну координациялоо, аналитика жана радиацияны өлчөө секторунун башкы адиси Рамис Мелисбек уулу көмүр ар кайсы жерден жеткирилгендиктен, анын сапатын так аныктоо үчүн үлгүлөр бир нече жерден алынарын түшүндүрдү.



Алынган үлгүлөр лабораторияга жөнөтүлүп, курамындагы күкүрт жана абаны булгоочу башка зыяндуу заттардын өлчөмү текшерилет. Изилдөөнүн жыйынтыгы эки жуманын ичинде даяр болору күтүлүүдө.
Анын белгилешинче, мындай текшерүүлөр жыл сайын кышкы жылытуу мезгилинде жүргүзүлүп турат.
Рейд учурунда көмүрдүн радиациялык абалы да атайын жабдык аркылуу текшерилди. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгынын башкы инспектору Замирбек Сыдыков көмүрдүн радиациялык көрсөткүчтөрү MКSA03 радиометринин жардамы менен өлчөнөрүн билдирди.

Бул прибор радиациялык нурлануунун деңгээлин жана радиациялык коопсуздукту өлчөөгө арналган. Текшерүү учурунда прибор 0,13 микрозиверт көрсөттү. Кыргыз Республикасынын Радиациялык коопсуздук жөнүндө техникалык регламентинин 7-пунктунун 1-бөлүгүндө белгиленген норма боюнча бул көрсөткүч 0,30дан ашпоого тийиш.
Демек, рейд учурунда өлчөнгөн көрсөткүч белгиленген чектен төмөн болду.
Бишкектеги ыштын негизги себептери эмнеде?
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Укуктук жана маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чыңгызбек Абдумалик уулу эл аралык изилдөөлөрдө абанын булганышынын негизги факторлору катары жеке турак жайларда жана жаңы конуштарда сапаты, калориялуулугу төмөн көмүрдү жана тиричилик калдыктарын жагуу көрсөтүлгөнүн айтты.
Мындан тышкары, автоунаалардан чыккан түтүн, ТЭЦ жана чыпкалоочу жабдуулары жок майда ишканалардын ишмердүүлүгү да абанын булганышына таасир этет.
Белгиленген талаптарды бузган учурда Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 10 миң сомдон 28 миң сомго чейин айып пул салуу каралган.
Автоунаалардан чыккан түтүн да ыштын негизги булактарынын бири
Рейд көмүр кампаларын текшерүү менен гана чектелген жок. Адистер автоунаалардан чыккан түтүндүн курамындагы зыяндуу заттардын деңгээлин да текшеришти.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгынын башчысы Медетбек Анарбек уулу кызматкерлер патрулдук милиция менен биргеликте автоунаалардын абага чыгарган зыяндуу заттарын аныктоо боюнча рейддерди үзгүлтүксүз өткөрүп келишерин билдирди.
Текшерүү учурунда дымомер жана газоанализатор приборлору колдонулат. Адистер белгиленген аймактарда автоунааларды токтотуп, түтүндүн курамындагы зыяндуу заттардын деңгээлин өлчөшөт. Көбүнчө чоң жүк ташуучу жана дизелдик отун менен жүргөн унаалар текшерилет. Себеби мындай транспорт каражаттарында абаны булгоо көрсөткүчү жогору болушу мүмкүн.



Рейддин натыйжасында жогоруда аталган беренеге ылайык, 3 протокол түзүлүп, ар бирине 7 500 сомдон, жалпы 22 500 сом айып пул салынды.
Медетбек Анарбек уулу Дүйнөлүк банк жана Азия өнүктүрүү банкы жүргүзгөн изилдөөлөргө таянуу менен автоунаалардан чыккан түтүн Бишкек шаарындагы ыштын пайда болушуна 30–40 %га чейин салым кошорун белгиледи.
Кыш мезгилинде шаардын ыш менен капталышына жеке турак жайларда көмүр жагуу да олуттуу таасир этет. Мындан тышкары, шамалдын болбой калышы жана аба ырайынын башка шарттары булганган абанын шаар үстүндө топтолушуна алып келет.
Жыл башынан бери 8 миллион сомдон ашык айып пул салынган
2026-жылдын январь айынан сентябрь айына чейин республика боюнча автотранспорт каражаттарынын техникалык абалына жана атмосферага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын көлөмүнө байланыштуу мыйзам талаптарынын аткарылышына көзөмөл жүргүзүлгөн.
Анын жыйынтыгында Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 234-беренеси боюнча 144 укук бузуу аныкталып, жалпы суммасы 1 млн 886 миң сом айып пул салынган. Ал эми 230-берене боюнча 141 укук бузуу катталып, 3 млн 552 миң сом айып пул салынган.
Ыш менен күрөшүү үчүн кандай чаралар зарыл?
Адистердин пикирлеринен көрүнүп тургандай, Бишкектеги абанын булганышы бир гана көмүрдүн сапатына байланыштуу эмес. Ага жеке турак жайларда жагылган отун, автоунаалардан чыккан зыяндуу газдар, өндүрүш ишканаларынын ишмердүүлүгү жана аба ырайынын шарттары биргелешип таасир этет.
Ошондой эле жарандар жана чыпкалары жок майда ишканалар сапатсыз, майда көмүрдү жагуудан баш тартып, экологиялык талаптарды сактоого умтулушу керек. Мындай чаралардын натыйжасында абага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын көлөмүн азайтып, шаардын абасынын сапатын жакшыртууга шарт түзүлөт.