Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин 30 жылдыгы белгиленди

Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин 30 жылдыгы белгиленди

Бүгүн КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев “Улуттук иденттүүлүк жана руханий баалуулуктар – Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн негизи” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулду. Конференцияга мамлекеттик кызматкерлер, эксперттер, диниятчылардын, дипломатиялык корпустун жана жарандык коом институттарынын өкүлдөрү катышты.

Анын жүрүшүндө МинКаб Төрагасы Президент Садыр Жапаровдун куттуктоосун окуп берип, отуз жылдын ичинде агенттик дин тутуу эркиндигин камсыз кылып, конфессиялар аралык тынчтыкты сактоо жана социалдык консолидацияны бекемдөө боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун негизги инструментине айлангандыгын билдирди.

Иш-чара расмий сыйлыктарды тапшыруу аземи менен жыйынтыкталды. Адылбек Касымалиев Агенттиктин кызматкерлерине, ошондой эле ведомствонун түзүлүшүнө, мамлекет менен дин диалогун өнүктүрүүгө, Кыргызстанда улуттар аралык тынчтыкты чыңдоого зор салым кошкон дин кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды жана Министрлер Кабинетинин сыйлыктарын тапшырды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ош шаарында жаңы Юстиция үйү ачылды

Нарында өнөр жай паркы түзүлөт

Бишкектеги паркка 85 түп эмен көчөтү отургузулду

Ысык-Атада 4 ири ишкананы пайдаланууга берүү пландалууда

Ошто 6 миң гектар жерге көчөт отургузулду