Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоонун жаңы механизми ишке кирет

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоонун жаңы механизми ишке кирет

Министрлер Кабинети үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо системасын өркүндөтүү жана мамлекеттик органдардын ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүн координациялоо боюнча чаралар жөнүндө токтом кабыл алды. 

Токтомго ылайык, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону ишке ашыруучу мамлекеттик органдардын ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жана алардын ишин координациялоо тартиби
 жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга "бирдиктүү терезе" принциби боюнча жардам көрсөтүү тартиби бекитилди. 

Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүргүзгөн мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн жана башка субъекттердин ишин жана өз ара аракеттенүүсүн координациялоо Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына жүктөлдү.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Японияда депутатка шаардык кеңештин жыйындарына беткап менен катышууга уруксат берилди

Нарын шаарында жылуулук берүү 30 откана аркылуу жүргүзүлүүдө

Касымалиев COP31 алкагындагы Лидерлердин саммитинин ачылышына катышты

Кыргыз-өзбек айыл чарба министрлери кызматташуу боюнча сүйлөшүштү

Өз графиги жана маршруту: курьердин бир күнү