Бишкекте 42 курулуш объектиси текшерилди

Бишкекте 42 курулуш объектиси текшерилди

Бишкек шаарында 42 курулуш объектиси текшерилип, жаңы талаптар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Курулуш министри Нурдан Орунтаевдин буйругуна ылайык, "нөл цикли" аяктаганга чейин курулуп жаткан объектилердеги турак жана турак эмес жайларды сатууга жана жарнамалоого жол берилбейт.

Буга байланыштуу Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан II категориядагы 42 курулуш объектисинде текшерүү жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чаралардын жүрүшүндө курулуш компанияларынын жана жеке ишкерлердин өкүлдөрүнө жаңы талаптардын мазмуну түшүндүрүлүп, белгиленген тартипти бузууга жол бербөө боюнча эскертүүлөр берилди.

Курулуш министрлиги белгиленген талаптарды бузуу фактылары аныкталган учурда мыйзамдарга ылайык тиешелүү чаралар көрүлөрүн эскертет.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Көлдөн 2 200 метр синтетикалык тор чыгарылды

Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

30 USDдан башталган SWIFT-которуулар: DemirBank бизнес үчүн атайын шарттарды сунуштайт

ТИМ башчысы Кулубаев ЖККУнун биргелешкен жыйынына катышты

Кара-Кечеде кар жаап, көмүр жүктөө убактылуу токтотулду