Ысык-Көлдөн 2 200 метр синтетикалык тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн 2 200 метр синтетикалык тор чыгарылды

Ысык-Көл облусунда 10-ноябрда суу биоресурстарын коргоо, браконьерликтин алдын алуу жана көлдүн экологиялык абалын жакшыртуу максатында рейддик иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чараны Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзүшкөн.

Министрликтен билдиргендей, рейддин жүрүшүндө көлдөн узундугу 2 200 метр эски синтетикалык балык уулоочу торлор жана 30 килограмм таштанды чыгарылды.

Мекеме көлдө калган эски синтетикалык торлор суу жаныбарлары жана балыктар үчүн коркунуч жаратып, суу экосистемасына терс таасирин тийгизерин белгиледи.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Президент ЖККУ жыйынына катышуу үчүн Москвага барды

Нарын шаары менен Могилев шаары кызматташат

Бактыбек Калмаматов Президенттикке талапкерлигин көрсөттү

МинКаб башчысы Касымалиев иш сапары менен Түркияга барды

Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди